• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан менен Эстония биргелешкен бизнес-форумун өткөрүүнү макулдашышты

img_1864

👁 963

Премьер-министр Сапар Исаков 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Эстония Республикасынын Премьер-министри Юри Ратас менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эстон мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө экономиканын ар кыл тармагын реформалоо жана мамлекеттик органдардын ишин жана жалпы коомду санариптештирүү боюнча орто жана узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө.

Сапар Исаковдун айтымында, Өкмөттүн ишиндеги негизги басым «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга жасалууда, натыйжада, өлкө жарандарынын жашоо шартын жакшыртууга, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк түзүлөт.

Премьер-министр кыргыз тарапка Эстониянын санариптик экономиканы киргизүү боюнча тажрыйбасы кызыкчылык туудуруп жаткандыгын белгиледи.

«Эстония – электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана электрондук өкмөттү киргизүү боюнча лидер-мамлекет. Биз сиздерге мындай программаларды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүңүздөр жана аталган тармактагы билим жана тажрыйба алмашууңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы мындай ири долбоорлорду эл аралык тажрыйбаны эске алуусуз ишке ашыруу мүмкүн эместигин белгилеп, буга байланыштуу аталган багытта кызматташуу сунушун киргизди.

Эстония Республикасынын Премьер-министри Юри Ратас белгилегендей, өлкө Өкмөтү Борбор Азия мамлекеттери, анын катарында Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү боюнча ишти улантууга ниеттенүүдө. Анын айтымында, Эстониянын мамлекеттик органдарынын ишине алдыңкы санариптик технологияларды киргизүүдө анын натыйжалуулугун жана ачыктыгын кескин жогорулатууга мүмкүндүк түзүлдү.

«Коомду санариптештирүү – бул чындыгында заманбап дүйнөдөгү өнүгүүнүн жалгыз жолу. Мен сиздердин бул багытты тандап алууңуздар жана ийгиликтүү иш баштагандыгыңыздар үчүн кубанычтамын», — деди Юри Ратас.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара товар жүгүртүү, инвестициялар көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле өлкөлөр аймагында биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү тууралуу макулдашты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости