• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан менен «БТА Банк» акционердик коомунун ортосундагы арбитраждык талаш жөнгө салынды

111

👁 720

Кыргыз Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасы менен казакстандык «БТА Банк» акционердик коомунун (мындан ары – «БТА-Банк») ортосундагы эл аралык арбитраждык талаштын тынч жол менен жөнгө салынгандыгын маалымдайт.

2011-жылы «БТА Банк» Кыргыз Республикасына карата Гаагадагы Туруктуу Арбитраждык Сот тарабынан башкарылган эл аралык инвестициялык арбитражга Кыргыз Өкмөтүнүн жана башка жактардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу доо арызын берген.

«БТА Банк» билдиргендей, жогоруда аталган жактар Кыргызстандагы «БТА Банктын» туунду банкындагы доочунун 71% акциясын мыйзамсыз экспроприациялаган. «БТА Банктын» пикири боюнча, бул Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Өкмөттөр аралык инвестицияларды өз-ара коргоо тууралуу келишимдин бузулушуна алып келген. Доонун суммасы 75 миллион АКШ долларын түзгөн.

2018-жылдын мартында Кыргыз Өкмөтү жана «БТА Банк» жогоруда аталган талашты тынчтык жолу аркылуу толугу менен жөнгө салды жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.

Тынчтык келишимине ылайык, талаш Кыргызстандын кандайдыр-бир жоопкерчилиги таанылбастан жана Кыргыз Республикасы тараптан кандайдыр-бир компенсация төлөнбөстөн жөнгө салынып жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.
Талаштын тынчтык жол менен жөнгө салынышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн активдүү иш-аракеттеринин натыйжасы катары болгондугун белгилейбиз.

Тынчтык келишиминин шартына ылайык, «БТА Банк» учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун менчигинде турган өзүнүн туунду банкынын 7,7 пайыз акциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан рынок баасы боюнча сатып алууга милдеттендирилди.

Эл аралык арбитраждык өндүрүштө жогорудагы иш боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору жана «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы жактаган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости