Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кызматы Кыргызстанга жары миллион доллардан ашуун каражат мыйзамсыз алынып бара жатып кармалды. Бул тууралуу «Узбекистан 24» телеканалынын «Ахборот 24» программасы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен таңы саат 5тер чамасында чек арачылар чек араны мыйзамсыз жерден кесип бара жаткан адамды байкашкан. Анын жанында сумкасы да болгон. Чек арачылар андан токтоону талап кылганда ал сумкасын таштап качып кетүүгө үлгүргөн.
Сумкадан скотчко оролгон бир пачкасында 5, 15, 30 миңден болгон долларлар табылды. Жалпы суммасы 573280 доллар болгон. Бул каражаттар мамлекеттин пайдасына чегерилди.
Учурда мыйзамсыз жерден чек арадан өтүп, коңшу өлкөгө кирмекчи болгон жаранды издөө иштери жүрүүдө.