• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан Марокко Королдугунун өнүмдү экспортоо тажрыйбасына кызыктар

22

👁 770

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов Марокко Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдужалил Саубрини кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамлекелер жаатында пикир алышты.

Марокко арап өлкөлөрүнүн ичинен айыл чарба тармагы кыйла өнүккөн өлкөлөрдүн бири экенин айткан Иса Өмүркулов Марокконун элчилигинин ачылышы эки тараптуу кызматташтык мамилелердин өнүгүшүнө түрткү бере турганын белгиледи.

«Марокконун экономикасы кыйла өнүккөнүнөн, ал негизги өнүмдөрүн Евробирлик өлкөлөрү менен АКШга чыгара турганын, ири рыноктордон өз ордун эбак эле тапканынан кабарым бар. Кыргызстан Ислам уюмуна мүчө болгондуктан, анын алкагында тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүктөр бар», — деди ал.

Кыргыз парламенти тууралуу учкай маалымат берүү менен бирге, КСДП фракциясынын башчысы айыл чарабасынан тышкары, Кыргызстан Марокко менен тоо-кен тармагында да кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады.

«Мисалы, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулгандыктан, өзүнүн чыгарган өнүмдөрүнүн сапатын тастыктоо үчүн биолабораториялардын курулушуна муктаж болуп турат. Өз өнүмдөрүн Евробирлик сындуу өлкөлөрдүн рыногуна чыгарган Марокконун топтогон тажрыйбасы биз үчүн өтө пайдалуу боло турганына тереӊ ишенем», — дейт Иса Өмүркулов.
Элчи Абдужалил Саубри Марокконун Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандагы элчилиги 2017-жылдын октябрь айында ачылганын, кеӊсеси Астана шаарында жайгашканын, бул анын Кыргызстандагы алгачкы иш сапары экенин эске салуу менен, Жогорку Кеӊеш менен Марокконун ортосунда парламенттер аралык байланышты түзүүгө кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз парламентинин делегациясын өз өлкөсүнө иш сапар менен барууга чакырды. «Марокконун парламенти эки палатадан турат. Эл өкүлдөр жыйыны эл тарабынан шайланган 395 депутаттан, ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны бийлик тарабынан дайындалган 120 депутаттан турат. Парламентте 5 партиянын өкүлдөрү бар. Көпчүлүктү «Ислам акыйкаттык жана өнүгүү партиясы» түзөт», — дейт ал.

Жолугушуу соӊунда Иса Өмүркулов мейманды быйыл күздө Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун көрүүгө чакырды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости