Өлкөнүн Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусун турбуленттүүлүккө кирүү деп санасак болот. Тике мааниде айтканда Кыргызстан азыр титиреп турган чагы.
Ал ЕАЭБдин жаңы регламенттерин киргизип жетишпей жатат. 480 регламенттин ичинен Кыргызстанда учурда 36сы гана кабыл алынган.
Бул регламенттин шарттарынын бири малды идентификациялоо. Биздин өлкө муну жасай алды жана башка өлкөлөр үчүн үлгү боло алат. Мисалы, Орусияда идентификация 2018-жылдын январынан башталат, Казакстанда болсо аягына чыга элек. Кыргызстан аарыларды идентификациялоону баштаганы турат, анткени экспорттун бир багыты балды экспорттоо. Кыргыз балы абдан баалуу болуп азырынча аз көлөмдө гана экспорттолууда.
Документтердин барына кол коюлган жана бажы пункттары 2016-жылы ишке киргизилиши керек болчу.
А.Жапаровдун билдиришинче, 120 млн долларды өздөштүрүү үчүн дагы 10 ай калды.
Бөлүнгөн каражаттарын баары “Жол картасы” долбоорун ишке ашырууга кетип жатат. Бул болсо Кыргызстандагы ишкерлерге чет жакка өнүмүн экспорттоого мүмкүнчүлүк ачат.
Кыргыз ишкерлери, негизинен дыйкандар айыл-чарба өнүмүн экспорттоп жатышат, бирок бардык эле өнүм ташыла бербейт.
Эт өнүмү азырынча экспорттук айланууга чыга элек. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча өкүлдөрдүн билдиришинче, мал союучу 74 жайдын ичинен бирөө гана эл аралык талаптарга жооп берет.
Мал союучу жайларга инспекция атайын нормативдерди иштеп чыккан, бирок бүгүн баары буга көңүл кош кароодо. Ал жерлерге малды базардан алып келип эле дароо союп башташат. Санитардык эрежелерди сактоо тууралуу сөз кылып кереги жок. Эгерде өлкө боюнча 1 гана мал союучу жай талаптарга жооп берип жатса экспорт тууралуу кыялдануу гана керек.
Ишкерлер эртең аткаминерлер өнүгүүгө бут тосуп жатышат дей электе Орусиянын өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 120 млн доллар жакынкы жылдары өздөштүрүлүшү керек.
Ширин Жумадилова