Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлду:
- «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө 2013-жылдын 11-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
- КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы тышкы соода-экономикалык кызматташтыктын зонасы жөнүндө Меморандум;
- КР Мамлекеттик кадр кызматы менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы адам ресурстары чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум;
- Кытайга экспорттолуучу коон жемиштерине фитосанитардык талаптар жөнүндө КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен КЭР сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча Башкы Башкармалыгынын ортосундагы Протокол;
- КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн «Мобилдүү оорукананы» жеткирип берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР жана КЭР Өкмөттөрүнүн ортосундагы кат алмашуулары;
- КР Саламаттык сактоо министрлиги менен КЭР Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташтык жөнүндө Келишим;
- КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КЭР радио уктуруу жана теле көрсөтүү иштери боюнча Башкы мамлекеттик башкармалыктын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Келишим;
- КЭР Башкы бажы башкармалыгынын жана кыргыз өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ортосундагы Эмдөө практикаланган шарптан арылган зонанын талаптарын түзүү жөнүндө Меморандум;
- КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен КЭР Адам ресурстары жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Бекер техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим.