• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан – кымыздын мекени.

2v2a7116

👁 3,895

Дүйнөдө ар бир өлкөгө гана тиешелүү болгон бренддер бар. Мисалы, Чехия, Германия, Бельгия – сырасы менен белгилүү. Түркия тууралуу сөз кылганда кока-кола эске келсе, Орусия орус арагы менен белгилүү. Ал эми Италия болсо жүзүм шарабы менен өзүнө тартса, Франция шампаны менен таанымал.

Булардын арасында Кыргызстанды кымыздын мекени десек болчудай. Бул суусундук абдан баалуу болгондуктан чет элдик туристтерди дагы тартып келет.

Штутгарттан келген Мария алгачкы жолу кыргыз кымызы тууралуу Байкалда үй-бүлөсү менен эс алып жүрүп уккан. “Алысы өлкөлөрдөн келген көпчүлүк туристтер — байкерлер, велосипедчендер эс алып жатып Кыргызстандагы укмуштуудай суусундукту биринчи жолу ичип көрүшкөнүн айтып жатышты. Анын дарылык касиети тууралуу легендалар айтылып жатты”,-деп айтып берди мен Кыргызстандан жолуккан Мария.

Ал эми Германядан келген Ирма болсо ден-соолугун чыңдоо үчүн атайын жайлоого келген. Саамалды ичип көрүп дароо эле дарылануу курсунан өтүүнү туура көргөн. Жагымдуу нерсени пайдалуу менен айкалыштырган. “8 күндөн бери дарыланып жатам. Менин бардык ооруларым артка чегингендей сезилип жатат. Бул иммунитетти көтөрүү үчүн эң жакшы каражат экен”,-деди ал.

Маалымат үчүн

Кымыз – бул бээ сүтүнөн ачытып, атайын ыкма менен даярдалган улуттук суусундук. Анын курамында белоктор, майлар, кальций, фосфор, сейрек кездешүүчү металлдардын микроэлементтери, В, РР,Н, С виаминдери жана аминокислоталар бар. Кымыз бээлер оттогон Кыргызстандагы чөптөрдүн түрүнүн көптүгүнө улам ушундай өзгөчө касиетке ээ.

1 литр кымыздын курамында 390ккал, 16г белок, 19г май, 50г углевод, 940мг кальций, 770мг калий, 600 мг фосфор, 90мг витамин С, 20г спирт жана 50г лактоза бар.

Заманбап кымыз менен дарылоо ыкмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири профессор П. Барлин бээнин сүтүнөн жасалган кымыз уйдун сүтүнөн жасалганга караганда 4–6 эсе витаминдерге бай экенин далилдеген. Ар жай сайын туристтер газга толгон мегаполистерден жайлоого келип, кийизден жасалган боз үйдө, бийик тоолордун койнунда эс алып, кымыз ичүүнү эңсейт. Туризмдин мындай экзотикалуу түрү “кымыз менен дарылануу” деген аталышка ээ болгон, анткени кымыздын дарылык касиети тууралуу Кыргызстандан сырткаркы аймактарда дагы эбактан бери билишет.

13-кылымда эле өз эмгектеринде саякатчы Марко Поло кымызды көчмөндөрдүн “ак шарабы” деп атаган. Ал эми орус саякатчысы академик П. Паллас 1770-жылы Москвадан кымыз ичип, ден соолукту чыңдоо үчүн кетип бара жаткандар менен жолуккан. Андан кийин шотландиялык Джон Грив орус армиясында кызматын өтөп жүрүп Эдинбург королдугуна кымыз тууралуу маалымат берген, андан соң анын дарылык касиети тууралуу врач Хаберлейн да жазган, ал эми америкалык окумуштуу Джордж Каррик ага өтө суктанган.

«Толкового словаря великого русского языка» сөздүгүн түзгөн врач Владимир Даль кургак учукту кымыз менен дарыласа болорун жазганын көбү биле бербесе керек. Кымыз ден-соолукту чыңдоодо зор роль ойнору далилденген. Кымыз организмди жашартат, тукумсуздук менен күрөшөт, рак, сарык ооруларынын алдын алат, нерв системасын чыңдап, микробдорду өлтүрөт. Белгилүү окумуштуу М. Мечников кымызды узак жашоонун булагы катары белгилеген. 1858-жылы эле воач Несто Постников тарабынан 100 оорулууга ылайыкталган кымыз менен дарылоочу жай ачылган. Ал кымыздын таасирин 3 сөз менен түшүндүрүп берген: “азыктандырат, бекемдейт, сергитет”. Белгилүү орус жазуучусу Лев Толстой кымыз менен дарыланган.

Ошол убактан тарта кымыз менен ден соолукту чыңдоочулардын саны өсүп келет. Аларды түтүнгө толгон чатырлар, боз үйлөр кооптондурбайт. Ал эми суроо-талап сунушту жаратат дегендей учурда кымыз менен дарылануудан пайда тапкандардын саны арбын.

Айыл жашоочулары туристтер үчүн жашаган жайларды бере башташты. Ошондой эле алар жайлоодон кымыз ичүүнү сунуштап келишет. Кыргыздар кымыздын даамы, жыты жана дарылык касиети ал кантип жасалганынан көз каранды экенин билишет. Кымызды жакшы жасагандар аны кийинки урпактарга калтырып келишет, бирок жыл сайын алардын саны азайып баратат.

Туризмдин бул тармагы өсүп жатканына карабастан өлкөдө азыркыга чейин тиешелүү илимий борбордун жоктугун туристтик индустриянын өкүлдөрү мойнуна алышты. Бардык эле жерлерде кымызды ооруга жараша ичүү схемасы каралган эмес.

Эксперт Калия Тогузбаева: “Кымыз менен дарылануу төмөнкүдөй болот: 5 күн½ литрден 3 жолу тамак ичерден 15 мүнөт мурун ичиш керек, андан соң суусундуктун көлөмүн суткасына 1 литрге чейин жеткирүү зарыл. 1–2-күндөрү ичегини тазалаш үчүн саамал ичиш керектигин көбү билбейт”-деди.

Ошондой эле тамактануунун негизги менюсун диетологдор жана кымыз менен дарылаган дарыгерлер менен бирге түзүп алуу керек. Бээнин породасына жана кандай чөптөрдү оттоп жатканына байланыштуу сунуштар да керек. Кымыздын ооруга болгон таасири жыл мезгилинен да көз каранды. Аны май айынан сентябрга чейин ичишет, көчмөндөр күнүнө 5 литр кымыз ичип коюшат.

Бүгүн кымыз менен дарылоо тармагын колго алган кыргызстандыктар көп нерсени үйрөнүшү керек. Кызмат көрсөтүүнү, дарылануунун туура схемасын жана туристтин оорусуна жана абалына жараша кымыз берүүнү. Кыргызстан кымыздын мекени деп аталган соң бул багытта көп нерсени билүүбүз шарт.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости