Алар айыл-чарба, курулуш, тамак-аш, кайра иштетүү, өнөр-жай, косметология жана башка тармактарда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.
Мындай сапар өзбек тараптан биринчи жолу болуп жатат жана ал Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык мамилелеринин башталышы болуп калды. Бул иш-чаранын максаты – алардын андан ары ийгиликтүү өнүгүүсүнө түрткү болуу. Кыргыз тараптан бизнес 40тан ашуун компаниялар аркылуу сунушталды. Коңшу өлкөлөрдүн ишкерлери менен болгон достук сүйлөшүүлөр мындан аркы Кыргыз өзбек кызматташтыгына пайдубал болуп калды.
Ошондой эле Марат Шаршекеев 6 жылдан бери Палатаны жетектеп жатканын бирок өзбек кесиптештер менен бул сыяктуу бизнес-форум биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи. 21–25-сентябрь күндөрү Бишкекте «Агропродэкспо» көргөзмөсү өтөөрүн жана өзбек тарап чакырууга жооп берип, ага активдүү катышарына үмүт кылып жатканын кошумчалады.
Мындай пикирди Өзбекстандын соода өнөр-жай палатасынын жетекчиси Адхам Икрамов да карманып келет. Ал: “Биз Кыргызстан менен коңшулук жана бизнестик негизде мамиле курууну каалайбыз. Өзбекстандын бизнеси Кыргызстандагы кесиптештери менен кызматташууга даяр. Биз бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан ар бир ишкерге потенциалдык өнөктөш таап берүүгө жардам беребиз. Биз тоо-кен өнөр-жайларынын өнүмдөрүн, унаа дөңгөлөктөрүн, азык-түлүк , кондитердик азыктарды, тиричилик техникаларын экспорттоого даярбыз. Өзбекстандын алдыга койгон максаттарынын бири Кыргызстан менен болгон товар айланууну 500 миллион долларга чейин жогорулатуу, буга жетишүүгө мүмкүнчүлүктөр бар ”,-деди ал.
КРнын Экономика министри Артем Новиков өз сөзүндө Улуу Жибек Жолундагы соода жолдоруна басым жасап бул форум Жибек Жолундагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу маанилүү иш-чара экенин белгиледи. Артем Новиковдун айтымында, эки өлкө унаа чыгаруу, тигүүчүлүк, айыл-чарба багытында жана башка бир топ тармактар боюнча кызматташса болот.
КРнын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алымбек Орозбековдун айтымында, Өзбекстан инновация тармагында тажрыйбалуу, ал эми Кыргызстан эл аралык мамилелерди түзүүдө мол тажрыйбага ээ. Эми болсо эки өлкөнүн ишкерлери кол койгон келишимдер ишканалардын атаандаштык менен иштөөсүнө, аймактык сооданын өнүгүүсүнө жана үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна чыгууга жол ачат.
“Бул чек эмес!”-дейт Өзбекстандын тышкы соода министри Элёр Ганиев.Мындан сырткары ал кыргыз экономикасынына: текстиль тармагына, айыл-чарба өнүмүн кайра иштетүү, медицина, туризм, унаа куруу тармактарына Өзбек тарап инвестиция салуусу керек деп санайт. Бул иш-чара кыргыз өзбек ишкерлерине сооданы активдештирип, бир катар пайда табууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мурунку кездерде Фергана аймагында соода абдан жакшы жүргөн жана учурда муну жандантуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Себеби Фергана, Андижан жана Наманган облустары Кыргызстан менен чектешип, бул облустардын бизнесмендери кыргыз ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар. Бул форумга 15тен ашуун андижан, 7ден ашуун наманган, 8ден ашуун фергана ишкерлери келгени буга далил. Алар Кыргызстандан бизнес-өнөктөш тапкысы келет.
Өзбекстандын тышкы соода министри Өзбекстан Кыргызстанга жогорку сапаттагы өнүм берүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Өзбекстанда сапат системасы абдан катаал жана бардык өнүмдөр эл аралык стандарттарга ылайык келип, ISO 9000 сертификациясынан өтөт.
Элёр Ганиев биргеликте өнүм чыгарып, үчүнчү өлкөлөргө ташуу үчүн кызматташуу зарылчылыгын дагы белгиледи. Мисалы, унааларды же айыл-чарба техникасын Кыргызстанда чогултуп, жеңил өнөр-жайы үчүн кездемелерди чыгарса болот. Өзбекстанда пахта жана жибек кездемелердин сапаты өтө жогору, эки өлкө тең текстилдик тармакта кызматташса болот. “Көмүр, алтын ресурстары, баалуу таштар – кызматташууга чоң потенциал бар”,-деди Ганиев.
Бизнес форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана Өзбекстандын эркин экономикалык аймактары тууралуу презентация болду. Форумдун жүрүшүндө 2017–2021-жылдарга карата өнүгүү стрнатегиясына ылайык, Өзбекстандын экономикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү темасы козголду. Бул өнөр-жай, айыл-чарба, салык, бажы, валюта тармактарында структуралык өзгөрүүлөр.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин буйругуна ылайык, сум девальвация болуп, эми сумдун курсунун суммасы рыноктук болуп калды.
Өзбекстандын тышкы соода министри Элёр Ганиев улуттук валютанын курсун аныктоодогу рыноктук механизмдер мамлекеттик экономикалык саясаттын приоритеттүү тармагы болуп, Өзбекстандын башка өлкөлөр менен кызматташуусуна жол ачканын белгиледи.
Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун натыйжасында эки өлкөнүн ишкерлери 115 миллион долларга барабар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча макулдашты.
Ирина Байрамукова