• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан эл аралык инвесторлорго мыкты тараптарын көрсөтөт

dsc08711

👁 1,393

28–29-июнь күндөрү Бишкек шаарында “Жаңы Кыргызстан — 2018” деп аталган эл аралык инвестициялык форум өтөт.

Биздин гезит аймактагы коңшуларынан айырмаланып Кыргызстан бизнес-мүмкүнчүлүктөргө аз көңүл буруп жатканы тууралуу бир нече жолу жазган. Биз уялып жаткандай эле иш алып барбай келебиз.

Казакстан “Астана” деп аталган эл аралык финансы борборун болушунча жарнамалап, салыктар салынбай турганын билдирип келет. Бул комплексте былтыр “Экспо” көргөзмөсү өткөн. Өзбекстан чет элдик инвесторлор үчүн иш-чараларды уюштуруп, ар түрдүү тармактарга криптовалюталардын негизинде каражат салууну сунуштап келет. Россияда болсо ишкерлер үчүн катаал салыктык режим болуп, бир катар санкциялар салынганына карабастан Санкт-Петербургда экономикалык форум болуп өттү. Анын катышуучуларына көптөгөн инвестициялык долбоорлор сунушталды. Албетте, алар кызыгуу жаратты.

Инвестициялардын дүйнөлүк рыногу – бул өлкөлөр арасындагы айыгышкан атаандашуу. Бул жерде достор, биргелешкен өлкөлөр жок, баары өзү үчүн жооп берет. Мамлекеттер күчүнүн барынча эл аралык капиталдарды тартууга аракет кылышып, салыктык жеңилдиктерди берип, инвесторлорду коргоого сөз берип, туруктуулукту камсыз кылуу боюнча сөз берип, атайын мыйзамдарды дагы жазып келишет. Атаандаштык бир күнгө дагы токтобойт. Ким көбүрөөк капитал тартса ошол утат жана экономика өсүшкө ээ болуп, жарандардын жашоосу жакшырат, жергиликтүү бизнес үчүн пайдалуу болот.

Бизде деле эл аралык инвесторлорго сунушубуз бар. Эң алгач 2017-жылдагы Президенттик шайлоодон кийин биздин өлкө эл аралык инвесторлорго көп жылдарга туруктуулукту камсыз кылып бере алат деп үнүбүздүн жетишинче, Нью-Йорктон Пекинге чейин кыйкырсак болот. Кыргызстан деген ат менен байланышкан жаман сүрөттөр, жаман сүртүмдөр артта калды.

Учурда биздин өлкөдө чет элдик капиталды колдонууга баардык шарттар бар деп ишеним менен айта алабыз – заманбап жана либералдуу мыйзамдар, аз салыктар жана чет элдик капиталды коргоого мыйзам кепилдик берет. Аны менен катар эле ар түрдүү тармактарга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү да бар. Өзүбүздө болгон көйгөйлөр тууралуу жакшы билебиз, бирок күчтүү тараптарыбызды дагы билүүбүз абзел жана аны жарнамалоо зарыл.

Эл аралык инвесторлордун көңүлүн биздин мамлекетке буруу үчүн июндун аягында Бишкекте эл аралык инвестициялык форум өткөрүлөт, ал “Жаңы Кыргызстан-2018” деген аталышта болот. Бул иш-чара биздин өлкө жаңыча жашап жатканын көргөзүү менен катар эле Кыргызстандагы бизнес-мүмкүнчүлүктөрдү ачууга көмөкчү болмокчу.

Форумдун уюштуруучулары (Швейцария-Борбор Азиялык Ишкерлер Кеңеши, ЭКОНОМИКА гезити жана бир нече ири инвестициялык компаниялар) форумга катышууга ар кандай тармактардын өкүлдөрүн чакырышкан. Ага Швейцариядан, Лихтенштейнден, Лондондон жана башка миллиарддаган капиталдары бар финансы борборлорунан өкүлдөр келишет. Чийки заттарга жана башка салттуу тармактарга кызыккан инвестициялык фонддордун башкаруучулары, венчурдук финансисттер дагы келишмекчи.

Форум «Ала-Арча» резиденциясынын конференц-залында өтөт. Кыргыз тараптан өкмөт жетекчилери катышышмакчы. Бизнес тарап чет элик капитал үчүн (кен байлыктарды иштетүү, айыл-чарбасы, туризм, финансы сектору, программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу, инновациялык технологиялар) перспективдүү деп саналган тармактар боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентация кылышат.

Форум катышуучулар үчүн ыңгайлуу болуп, анда узун монологдор аз болуп, тараптар бири-бири менен инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алышууга шарт түзүлөт. Ата мекендик бизнес үчүн бул уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Форумга катышуу үчүн сайтта каттоо ачык жүрүүдө. 

Форумдун сайты:

www.newkyrgyzstan.com. Программа толукталып жатат, ошондуктан биздин маалыматтарга көз салып туруңуздар.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости