Кыргызстан Кытайга тооктун баш-шыйрагын жана колдонулбаган бөлүктөрүн экспорттой баштайт. Бул багытта макулдашуу жетишилип, кытай тарап уй-койдун ич эттери менен кургак сүт, балды алууга кызыктарлыгын билдиришкен. Экспортту жакшыртуу үчүн өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу сакталышы керек-дешет ветеринарлар. Маалыматка ылайык Кыргызстанда бул багытта абал туруктуу. Мындан сырктары кытайлыктар уй-койдун ич эттери менен кургак сүт, балды алууга кызыктар.
Калысбек Жумаканов: “Тоок союлгандан кийин анын башы жана башка колдонулбаган бөлүктөрүн биз буга чейин ыргытып салчубуз. Эми аны Кытай тарап ала баштайт. Бул боюнча атайын делегация келип, экспорттоо боюнча кагазга кол койдук. Эми Кыргызстандын бардык аймактарында тоок баккандар буга чейин ыргытып салчу бөлүктөрүн өткөрө алышат. Ал кымбат баада алынары божомолдонууда”.
Өлкөдө эпизоотикалык абалды туруктуу сактоо максатында жеке ветеринарлардын ыйгарым укуктары кеңейип жатат. Бул багытта мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, жеке ветеринарларга атайын аймак бөлүнүп берилип, картага түшүрүлгөн. Ошол жерге вакцинацияны, изилдөөнү, идентификацины дагы алар өздөрү жасап, ошол жерден продукция сыртка чыгып калса сертификатты дагы жеке ветеринар жазып берет. Мунун натыйжасында алардын бизнеси жанданып, жеке ветеринарлар эки эсеге көбөйүп, мал оорулары дагы кыскарган. Калысбек Жумаканов өлкө аймактарында жеке мал доктурлар көбөйүп, ветеринардык ишкерлик жакшы өнүгө баштаганын айтат. Ал азыр айыл жериндеги мал доктурлар айына 20–30 миң сомдон кем эмес каражат тап жатканына токтолду.
Калысбек Жумаканов: “Аймактардагы жеке ветеринарларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп, мыйзамдардын баары аларга ылайыкташылып жатат. Ар бирин дары-дармегин сактоочу муздаткыч, мотоцикл жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылып жатабыз. Ошондой эле мал доктур жетишпеген аймактардан балдарды чогултуп, эл аралык долбоордун негизинде аларды агрардык университеттен бекер окутуудабыз”.
Негизи эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын продукцияларына суроо-талап жогору . Россияда кыргызстандын сүт азыктарына өзгөчө кызыгуулар болууда. Грек жаңгагы, мисте мурда КМШ өлкөлөрүндө кеңири белгилүү болсо, азыр алар ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ болууда-дейт Жаңгактар ассоцияциясынын президенти Маданбек Караев. Андыктан биримдиктин айдыңында жакшы сатылып жаткан товарлардын катарын мисте, жер жаңгак жана грек жаңгагы дагы толуктай баштады.
Маданбек Караев: “Көбөйгөндүгүнүн себеби продукциянын составында витаминдин көбөйгөндүгү. Муну эл деле түшүнүп калды. Азыр Россия мамлекетине бал менен кошулган жаңгак жакшы экспорттолуп жатат. Учурда ушул багытта иштерге басым жасап жатабыз”.
Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Кыргызстандын өндүрүш жана айыл чарба товарларын экономикалык биримдикке экспорттоонун абалын айтып, акыркы жылдары Кыргызстанда экспорттун көлөмү жыл сайын тездик менен жогорулабаса дагы, бир темп менен өсүп жаткандыгын белгилейт.
Элдар Абакиров: 2016-жылы экспорт 6,1 пайыз өстү. 2017-жылы болсо экспорттун көлөмү 13,8 пайызга көбөйдү. Январь-февраль айларында былтыркы ушул айларга караганда ички дүң өнүм 2,2 пайызга өстү. Экспорт ойдогудай тездик менен болбосо дагы, бирок өсүп жатат. Азыр бир гана тоскоолдук ветеринардык көзөмөл гана алына элек. ЕАЭБ башка тоскоолдуктардын баарын алып салган. Жүк ташуунун акысы дагы арзандады.
“Кыргызстанда жасалган” бренди менен чыгарылган продукциялар ЕАЭБ өлкөлөрүндө өз ордун табууда. Бул багытта биргелешкен ишканаларды түзүү сунуштары дагы жок эмес. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча үчүнчү өлкөлөргө салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү кыйла көбөйүп, 27 пайызга өскөн. 2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 22 миң тонна сүт азыктары экспорттолгон болсо, былтыр көлөм үч эсеге көбөйгөн. Ата мекендик ишкерлерди колдоодогу башкы жетишкендик катары «Чакан ишкердик субъекттерди микро каржылоо» программасы болгонун эксперттер белгилешүүдө. Мунун менен Кыргызстандын экономикасынын алдыга жылып жаткандыгынан кабар берет дейт экономикалык эксперт Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев: “Биз азыр экспорттун көлөмү боюнча 60 пайыз товарларды алып атабыз, ал эми 40 пайызды чыгарып атабыз. Буюрса эки жылдын ичинде экспорт менен импортту тендешибиз керек. Бара бара 5–6 жылдын ичинде экспортту 60 пайызга көбөйтүп, импортту 40 пайызга түшүрүп алсак өлкөнүн экономикасына абдан зор салым кошот элек. Анткени биз саткан товарлардын акчалары Кыргызстандын бюджетине кошулмак. Ошондуктан биз азыркы темпти кармап өсүүнү уланта беришибиз керек”.
Кыргызстандын ири интеграциялык уюмга кошулуусу менен 180 млн калкы бар рынокко жол ачылгандан тышкары эмгек мигранттарына карата жеңилдиктер артыкчылык катары каралууда. Маселен алар иштөө үчүн патент албайт, мигранттар жана алардын үй-бүлөсү социалдык камсыздоого тең укуктуу, милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ, жумушка орношууда квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат, жеке жактардын кирешесинен алынуучу салыктарды ошол өлкөнүн ставкасы боюнча төлөшөт.
Илгиз Жамалбеков