Кыргызстан Дубай шаарындагы “Дубай ЭКСПО-2020” Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышат. Учурда ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган көргөзмө 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт. Анда улуттук көргөзмө оператору катары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы аныкталып, ага бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча функциялар ыйгарылган.
Белгилей кетсек, ушул жумада вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында Дубайдагы көргөзмөгө катышуу үчүн даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы кеңешмеси өтөт.
«Дубай ЭКСПО-2020» Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб мамлекетинде өтүүчү биринчи бүткүл дүйнүлүк көргөзмө болуп саналат.
Көргөзмөнүн аймагы 25 миллиондон ашуун келүүчүлөр эсепке алынган – анын ичинен 70 пайызы чет элдиктер. Дубайдагы 2020-жылы өтө турган ири эл аралык көргөзмөнүн негизги темасы –»Акыл-эсти бириктирүү, келечекти куруу».