• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан дүйнөлүк блокчейн-революциядан киреше таба алабы?

gl-foto

👁 1,493

Блокчейн жана криптовалюталар программисттерге жана финансычыларга гана кызык деп ойлогондор жаңылышат. 

Өнүккөн мамлекеттер жана ири корпорациялар блокчейн-долбоорлорду өнүктүрүүдө биринчилик үчүн атаандашууда. Биздин өлкө эми гана акырындан ойгонуп келе жаткандай.
Жогорку технологиялар дүйнөсүндө революциялык өзгөрүүлөр болууда. Үч жыл мурун криптовалюталар программисттерден башка кимдир бирөөлөрдү кызыктырары тууралуу эч ким ойлонгон эмес. Блокчейн-долбоорлорго ири бизнес кызыкканга чейин ушундай пикир орун алып келген. Ири корпорациялар бул технология дүйнөлүк финансылык системаны өзгөртөрүнө көзү жеткенден кийин ага миллиард доллар инвестиция сала башташты. Алардын артынан дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин өкмөттөрү блокчейн-долбоорлорду иштеп чыгуучуларга ким мыкты шарт түзүп берет деп ат салышып келишүүдө. Мурда криптовалюталарга абайлап көңүл буруп келише, учурда тескерисинче мамлекеттик жөнгө салуучулар блокчейн-бизнести коркутуп алуудан абайлашууда.

Өзүңөр байкап көргүлө. Акыркы жылдары криптовалюталар Японияда, Германияда, Улуу Британияда, Швейцарияда, Мальтада, Швецияда, Люксембургда, Белоруссияда төлөө каражаты катары кабыл алынган. Бул тизме барган сайын көбөйүүдө. Бир катар башка мамлекеттерде ал расмий түрдө “мүлк” (товар, инвестициялык же финансылык актив) катары саналат: АКШда, Канадада, Австралияда, Израилде, Испанияда, Польшада, Норвегияда, Финляндияда, Сингапурда, Хорватияда, Чехияда, Түштүк Африкада, Туштүк Кореяда, БАЭде, Украинада, жада калса Россияда (мыйзам азырынча биринчи окууда кабыл алынды).

Кытайда мамлекеттик деңгээлде инвестициялык долбоорлор активдүү иштелип чыгууда. Физикалык жактарга криптовалюталарды сактоого жана ар түрдүү операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилген. Кытай лидери Си Цзинь Пин жакында эле мындай деди: “XXI кылымдын башынан бери өнөр-жай революциясынын жаңы мууну дүйнөлүк экономиканын түзүмүн өзгөртүүдө…жасалма интеллект, интернет жага блокчейн алдыга озуп чыгууда”. 2018-жылы кытай өкмөтү блокчейн технологиясына негизделген жаңы долбоорлорго 1,6 млрд $ инвестиция салуу чечими кабыл алынган, бул бир гана Ханчжоу провинциясында.

Финансылык-юридикалык жардам көрсөтүү менен көп алектенген Швейцария, Мальта, Люксембург, Гибралтар, Сингапур сыяктуу мамлекеттер “крипто-борбор” макамы үчүн ат салышып келүүдө, башкача айтканда, криптовалюталык биржаларга, ICO, майнинг жүргүзүүгө жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылып келишет.

Швейцария Цуг кантонунун базасында “крипто-талаасын” түздү, ал жакта баардык блокчейн-бизнес үчүн мыкты шарттар каралган. Ал эми жакында эле Түштүк Кореяда өткөн технологиялык конференцияда швейцариялык модель менен Бусан шаарында “крипто-гавань” түзүү тууралуу маселе талкууланды.

Австралия өкмөтү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө блокчейн тиркемелерин колдонсо болобу деп изилдөө жүргүзүүгө Санарип трансформация агенттигине 700,000 доллар бөлгөн.

Индиянын резервдик банкы Насыялык саясат комитетинин жыйынынан соң 5-апрелде өзүнүн санарип валютасын чыгарганы жатканы тууралуу билдирүү таратты.

Мурда СССРдин курамында болгон өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан, Белоруссия жана Эстония бул тармакта аймакта лидер болууга аракет кылып келет. Грузия болсо крипто-майнинг боюнча борбор болуп калды, а Армения болсо февраль айында 2023-жылга чейин майнинг ишине жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Россияда Красноярскта крипто-майнинг бизнесин ачууга аракет кылышууда, ага тартылган инвестиция болжол менен 3 млрд рубль болот.

Эл аралык уюмдар дагы артта калышкан жок Эл аралык валюталык фонддун (МВФ) тескөөчү-директору Кристина Лагард блокчейн “финансылык рынокторго эффективдүү иштөөгө жардам берет”, ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө менчик укугун камсыз кылып, рынокко болгон ишенимди жогорулатып, инвестицияларды тартууга көмөкчү болот” деди. МВФтин жетекчиси криптовалюталар “финансылык ландшафтты диверсификация кылат”, бул болсо “борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган кызмат көрсөткөндөр” ортосундагы балансты жакшыртат деген пикирде.

Биздин коңшулар – Россия жана Кытай криптобизнести өнүктүрүү үчүн биргелешип иштеп башташты. 8 млрд рубль активи бар Алыскы чыгышты өнүктүрүү орус фонду жана Кытайдын Tai Cloud Technology Corporation компаниясы макулдашууга кол койгон. Анын алкагында аймакта бир катар блокчейн-долбоорлор ишке ашырат. Тактап айтканда, сөз Владивостокто финансылык борбор түзүү тууралуу болууда. Фонддон билдиришкендей, бул санарип валюталар менен байланышкан инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууда кытайлык компаниянын тажрыйбасын колдонуу менен биргеликте иштешүү каралууда.

БАЭнин вице-президенти жана премьер-министри жана Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид “БАЭ блокчейни-2021” деп аталган стратегияны ишке киргизди, анда технологияны киргизүү менен дүйнөлүк лидер болуу башкы максат катары каралган.

Мурда криптовалюталарга терс көз карашта болгон финансылык корпорациялар жана биржалар блокчейнди өз ишинде активдүү колдоно башташты.

Швейцариялык Credit Suisse (активдери — 796 млрд франк) банкы жана Голландиянын ING деп аталган ири банкы блокчейиндин жардамы менен 25 млн € ($30 млн) ийгиликтүү которушканын билдиришти.

Дүйнөлүк банк рыногунун лидерлеринин бири HSBC америкалык агрардык Cargill компаниясы үчүн товарга акчаны блокчейн аркылуу төлөгөн.

Сингапурдун борбордук банкы (MAS) жана Канада банкы бул жылы криптовалюталар токенинин жардамы менен транс чек аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө тест жүргүзгөн. 2 жолку тест тең ийгиликтүү аяктаган.

Москвалык биржа (Россиядагы ири биржа, анын жылдык айлануусу 35 триллион рубль) компанияларга биринчи токендерин (ICO) жайгаштыруу боюнча инфраструктура даярдап жатканын биржанын башчысы Александр Афанасьев билдирген. Мосбиржа бул долбоорду быйыл ишке ашырууну пландоодо.

Россиянын Газпромбанкы жана Сбербанкы швейцариялык бөлүмдөрү аркылуу криптовалюталар менен келишим түзүү боюнча пилоттук долбоорун ишке ашыруу алдында турат. Өткөн жумада Сбербанк жана Альфа-банк криптовалюталардын негизинде кардарларына бир нече кызмат сунуштап, аларды колдонуп көрүүнү сунушташарын билдиришти.

Биздин өлкөдө болсо блокчейн-технологиялар тууралуу жеке сектор гана сөз кылып келет. Мартта укуктук изилдөө жүргүзүлгөн, ал өлкөдө крипто-бизнес эч кандай тоскоолдуксуз өнүгөрү белгилүү болгон. Ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгы толугу менен сакталары дагы аныкталган. Белгилүү болгондой, кыргыз программисттери блокчейн технологияларынын негизинде бир нече долбоорлорду өнүктүрүп келишет, инвесторлорду, өнөктөштөрдү издеп жатышат, бирок буга чындап кызыгып, колдогондор азырынча боло элек.

Дүйнөлүк тажрыйбаны карай турган болсок, биздин өлкө блокчейн тармагындагы технологиялык прогрессти колдоосу керек.

Биз Эмираттар же Австралия эмеспиз, кыргыз бюджетинде блокчейн борборлордо изилдөө жүргүзүү үчүн миллион доллар жок. Хайтек тармагындагы ата мекендик ишкерлер бул тууралуу кыялданышкан да жок. Алар үчүн мамлекет жок дегенде жарнама жагынан жардам берип койсо деле чоң колдоо болмок.

Ал эми мамлекеттик жөнгө салуу жаатында болсо салыктарды чогултууда, лицензия берүүдө жана күч органдары тарабынан текшерүү болгондо өлкөнүн ролу чоң экени билинет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости