• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан блокчейн-бизнес үчүн ачык болуп баштады

4-jpg-dms

👁 3,363

Эки жыл мурун эле «блокчейн» технологиялары тууралуу маалыматты технологиялар боюнча адистер жана интернетке кызыккан айрым адамдар гана билишчү. Бирок учурда бул интернет-инновация тармагында эң көп талкууланган тема болуп калууда.

Учурда көптөгөн өлкөлөр блокчейнге негизделген долбоорлордун иштөөсүнө шарт түзүү боюнча ат салышып келишүүдө. Себеби бул – инновациялар, улуттук кадрларды өнүктүрүүнүн жана ири инвестициялык капиталдардын булагы.

Учурда коңшу мамлекеттер бизден бир топ алдыга озуп кетишти. Өзбекстан 28-апрелде блокчейн жана криптовалюталар боюнча дүйнөлүк саммит өткөрүп, «Борбордук Азиядагы криптоборбор титулу» үчүн ачык эле күрөшүп жаткандай. Сентябрь айына чейин алар крипто-активдер операциясын мыйзамдаштырууну пландашууда.

Россиянын Газпромбанкы эки күн мурун швейцариялык түзүмдөрү аркылуу криптовалюталар менен алгачкы пилоттук келишимди түзүүнү пландап жатканын билдирди. Январдын аягында бул тууралуу Сбербанк да билдирген эле.

Беларусияда болсо бир жума мурун эле №8-Декрет күчүнө кирди, ал блокчейн тармагындагы бизнес үчүн бейиштегидей эле шарт түзүп берет (беларустар Кыргызстандан «Жогорку Технологиялар паркы» деген аталышты көчүрүп алууга да жетишишти, жада калса ал жакта салык дагы дал эле биздегидей экен – айлануудан 1%).

Казакстандын борбордук банкы болсо баалуу кагаздар рыногунда соода жүргүзүү жарандарга жеңил болуусу үчүн блокчейнге негизделген уюлдук тиркемени ишке киргизди. Көпчүлүк жарандар криптовалюталарга инвестиция салышса, бизнесмендер «майнинг» кылуу үчүн Кытайдан жабдууларды ташып башташкан.

Блокчейн технологиялары инновациялык мүнөздө болгондуктан бул технология (криптовалюталар, майнинг, ICO, криптовалюта биржалары) кыргыз мыйзамдарына ылайык келеби деген суроо туулуп келген. «Майнинг» менен мыйзамдуу түрдө иштесе болобу? Криптовалюталар менен соода жүргүзүү үчүн ишкер болуу керекпи? Блокчейн-активдерге кандай салыктар салынат? ICO аркылуу баалуу кагаздарды чыгарууну каттабай эле мыйзамдуу түрдө каражат чогултса болобу? Бул суроолор боюнча бирдиктүү юридикалык позиция айтылбай келген.

Бул абал эми өзгөрдү. Эл аралык финансылык борборду өнүктүрүү агенттиги (Кыргызстандын базасында мамлекеттин катышуусу менен инвестициялык жана финансылык кызматтарды илгерилетүүчү акционердик коом) жана Кыргыз фонд биржасы Кыргызстанда блокчейн технологияларын колдонуу боюнча юридикалык аспекттери тууралуу докладын жарыялашты. Бул доклад (эки жума мурун кызыккан мекемелерге жөнөтүлгөн) блокчейн технологиялары боюнча укуктук негиздерди толугу менен ачып берген. Эл аралык юристтер тарабынан Кыргыз фонд биржасынын катышуусунда даярдалган юридикалык изидөөнүн жыйынтыктары төмөнкүдөй болгон.

Криптовалюталар блокчейн-реестрлерде инновациялык жактан уникалдуу болгонуна карабастан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси аны «кыймылдуу нерсе» катары санап, келишим түзүү предмети катары карап койсо болот. Алар баалуу кагаздарга жана валюталык баалуулуктарга кирбейт, бирок товар катары классификацияланып келет, бул болсо инвесторлор үчүн алда канча ыңгайлуу.

Блокчейн-активдер боюнча келишим түзүүгө мыйзам аркылуу тыюу салынган эмес (аларды өлкө ичинде «төлөө каражаты» катары саноодон тышкары). Бирок ага салык салынат, мамлекет тарабынан жөнгө салынат жана Финансылык чалгындоо жүрүзүлөт.

Кыргызстанда криптовалюталарды «майнинг» кылууга мыйзам аркылуу тыюу салынган эмес, бирок ишкерлик катары каралып салык салынат. Докладда блокчейн-активдер боюнча расмий отчет берүү үчүн салыктык жана бухгалтердик эсептөөлө боюнча сунуштар берилген.

ICO аркылуу кыргыз компаниялары каражат чогулта алышпайт. Себеби 1994-жылы (финансылык пирамидалар менен күрөшүү жылдарында) жеке инвесторлорду коргоо тууралуу Президенттин жарлыгы чыккан. Бирок мындай долбоорлорду балуу кагаздар рыногунун лицензия алган катышуучулары жана банктар ишке ашыра алышат.

Докладдын авторлору ICOго альтернатива болчу нерсени сунушташууда: стартап-компаниялар акция чыгарышкан учурда аны Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында каттап жана Кыргыз фонд биржасында толугу менен IPO жүргүзүү керек. Аны менен катар эле акция эмес крипто-активдерди алууну каалаган инвесторлорго крипто-токендерди алууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

Докладда кайсы укуктардын негизинде блокчейн-активдерди каттаса болорун жана кепилдигин жазышкан.

Докладдагы эң кызыктуу нерсе- бул Кыргызстандын фонд биржасында жана товар биржасында блокчейн-активдер менен соода кылууну мыйзам түрүндө мамлекеттик жөнгө салууга болоруна деталдуу анализ жасалганы. Дүйнөдө көптөгөн инвесторлор активдер менен болгон операцияларды жөнгө салуучу тармакта (кардарды идентификациялоо инвестициялык рынокту жөнгө салуу үчүн көзөмөл) жүргүзүүнү каалап башташты. Мындай инвестиция алдамчылыктан корголгон.

Кыргыз мыйзамына эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизбестен эле блокчейн-активдер менен иштеген глобалдуу инвесторлорго кызмат көрсөтүүнү уюштуруп, аны менен катар эле юридикалык жактан салык салып, тиешелүү баардык иштерди аткарууга болот.

Кыргызстандын базасында чет элдик крипто-инвесторлорго жана коммерсанттарга кызмат көрсөтүп, аны менен катар эле салыктарды алса болот.

Блокчейн технологияларын Кыргызстанда практика жүзүндө конкреттүү түрдө колдонулганы да белгилүү.

Бул технология акыркы жылдары «криптовалюталардын» жайылышы менен популярдуу боло баштаган. Бирок бул технологиянын негизги баалуулугу маалыматты сактоодогу инновациялык ыкмада жана кепилдикте. Дал ошондуктан Сапар Исаков дал ушул технологияны мамлекеттик сатып алууларда коррупцияны жоюуда колдонууну пландап жатканын билдирди. Дал ошондуктан көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик ресстрлерди блокчейндерге өткөрүшүүдө (мисалы: Украина).

Дүйнөлүк ири финансылык уюмдар блокчейн-шифрованиени колдонуу менен пилдоттук долбоорлорду ишке киргизишүүдө. Credit Suisse жана ING сыяктуу глобалдуу банктар блокчейндин негизинде баалуу кагаздар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүшүүдө. 16-мартта Сингапурдун Борбордук банкы жана Канада банкы блокчейнди чек аралык төлөмдөргө иштете баштады. Дүйнөлүк финансылык корпорацияларга бул технология киргизилгени тууралуу маалыматтар күн сайын чыгууда.

Кыргызстанда блокчейн технологияларынын базасында баалуу кагаздар боюнча эсептөөлөрдү оптимизациялоо мүмкүнчүлүгү каралууда. Учурда баалуу кагаздар рыногунда эсептешүү көп процедураларды талап кылат, ал эми дүйнөлүк стандартта DvP де аталган дароо эсептешчү режим иштеп келет.

Азыр Кыргыз фонд бижасынын базасында техникалык адистер жумушчу тобу түзүлүүдө. Алар кыска мөөнөттө биржалык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн блокчейндерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуулары зарыл.
Кыргызстан дүйнөлүк инновациялардан четте кала албастыгы белгилүү. Кыргыз мыйзамында блокчейн-долбоорлорду өнүктүрүүдө ишкерлерге баардык шарттар түзүлгөнү да абдан жакшы болду. Бул тармакты көзөмөлдөө режими даяр болгону албетте жетишкендик, себеби Кырызстан бул тармакта бизнесмендерди тарта алат.

_________

«Кыргызстанда блокчейн-технологияларды колдонууда укуктук аспекттер» деп аталган докладдын толук текстин биздин www.ekk.kg сайтынан көчүрүп алсаңыздар болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости