• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Алмазбек Өмүров: Кыргызстан бир күндө 250 миң долларды бут кийимге коротот.

izobrazhenie-612

👁 1,675

“Экономиканын” бүгүнкү коногу Кыргызстанда биринчилерден болуп булгаарыдан бут кийим тигип, ага кыргыз оюусун түшүрүп келген мекенчил ишкер Алмазбек ӨМҮРОВ.

Алмазбек азыр өзү түптөгөн «Кадам» ишканасынын башкы директору. Болочокто бул ишкананын өндүргөн товарлары дүйнө жүзүнө жайылып, суроо талап күч алат деген чоң ишеничи бар.

–Баасы да өтө кымбат эмес, кыргыздын оюусу түшүрүлгөн, тажа булгаарыдан (кожа) жасалган бут кийимдер көпчүлүктү кызыктырып жатат. Элге өтө керектүү булгаары бут кийим бизнесиң тууралуу кененирээк токтолсоң?

–Мага бул идея жумуш жоктугунан улам пайда болгон. Өзүңүздөр көрүп-билип турасыздар кытайдын сапатсыз, ынгайсыз бут кийимдерин ала берип кыздардын, аялдардын белдери, буттары ооруп, жигиттердин буттары жагымсыз жыттанып, кыргыз эли жакшы бут кийимге муктаж экендиги даана көрүнүп турду. Ал бут кийимге муктаж адамдардын ичинде мен дагы бар элем.

Мындан үч-төрт жыл мурун кийилген болсо да сапаттуу экен деп сэкондхенддин бут кийимдерин кийе башташты. Мен буга аябай намыстандым.

1

Кыргыз эли байыркы, баалуу элбиз. Баатырлар, асыл адамдар арабыздан чыккан. Мекенчил, эр жүрөк элбиз. Анан минтип башка улуттун эскисин кийип калдыкпы? Жан дүйнөм ичиркенди. Мен сапаттуу жасаймбы, сапатсыз жасаймбы өзүбүздүн улуттук бут кийимибизди жасабасам болбой калды деген чечимге келдим.

–Учурда кытайдын арзан бут кийимдерин массалык түрдө сатып алабыз. Бирок ал бут кийимдер бир айга жетип—жетпей эле жыртылып калат. Өзгөчө көп балалуу ата-энелерге кыйын заман болду?

–Сиз туура маселеге токтолдуңуз. Негизинен 600–700 сомдук бут кийимдер бул жөн эле сенин акчаңды алып коем деген сөз. Чынын айтканда 600 сомго бут кийим фабрикадан чыккан баасы да турбайт. Кандайынан эсептесе да 1500 сомдук бут кийимди 600 сомго тургуза албайт.

Сапаттуу бут кийимге кеткен чыгым 600–700 сомдон жогору турат. Кытайлар 300–500 сомдук бут кийимдерди да сатып жатышпайбы.

Көрүнүшүн, кооздоп келтирип туруп текчеге чекчейтип коюп коюшат. Анан анысы жети күнгө чыдайт. Мисалы, карапайым адамдар үчүн 700 сом көп нерсени чечип койушу мүмкүн. Ал эми 700 сомдук бут кийим эч нерсени чечпей калып жатпайбы. Бул жерде жөн эле карапайым адамдардын чөнтөгүн шыпыруу, алдамчылык болуп жатат. Бир райондо 100 киши 500 сомдук эле бут кийим алса, 50000 миң сом, 2000 киши бут кийим алса 1 млн сом. Караңызчы маңдай терибиз менен тапкан акчабыз каякка агылып жатат.

Үй-бүлөлүк бюджетибиздин эмне үчүн дайынын таппай калып жатабыз. Кыргыз элинин тешигинин бүтөлбөй жатканы ушул себептен.

Түркиянын, Кытайдын, Орусиянын товарларын, азыктарын алабыз. Акчаларыбыздын баары ошол жакка агылып кетип жатат. Кыргыз эли бир күндө жалпысынан эсептегенде 250 миң долларды бут кийимге коротот экенбиз. Үч күндүк бут кийимге короткон акчабызга бир мектеп салып койсок болот.

Биз бүгүн өз өлкөбүзгө акчабызды алып калышыбыз керек. Аябай көп акча бизден чыгып кетип жатат.

Биздин эл терин төгүп иштеп эле башка элдин товарын өткөрүп жатышат. Жаштык, ден соолук, өмүр бир келчү нерсе экен. Бир келген өмүрдү элибиз үчүн бир иш жасап калууга жумшайлы. Оокат деп ансыз да тытынып чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кайран өмүрдү кор кылып жатабыз. Өзүбүз бир нерсени өндүрүүнү үйрөнөлү. Бир өндүрүүчү болсо анын жанында жок эле дегенде эки киши иш менен камсыз болот.

-Силер өндүргөн бут кийимдерди эл кандай кабыл алууда?

–Бут кийим чыгарып баштаганыбызга 5–6 жылдын жүзү болуп калды. Менин сыймыктанып айта кетчү нерсем ушул кичи бизнесимди 350 сом менен баштагам. Азыр ошол 350 сом ар бир эле адамдын чөнтөгүндө бар. Ийгиликтин сыры дароо көп акча менен баштоо эмес. Менин бул сөзүмдү «Шоро» фирмасынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев деле белгилеген. Көптөгөн ишин нөлдөн баштаган миллионерлердин сөзү. Аны аткаруу үчүн туура максатты ак кагаз бетине түшүрүү керек экен. Биз оюбузда ойлоп койгон нерсени экономика деген нерсе түшүнбөйт. Сөз жок эсептешүү, эсеп баракчасы керек.

Элдин кабыл алуусу абдан жогору. Эл жакшы кабыл алган үчүн менин ишим жүрүшүп жатат. Азыр баары ойдогудай, кызыгуу менен иштеп жаткан учурум.

3

–Бут кийим жасоо татаал өнөр болсо керек. Сенин өнөрүңө кызыккан шакирттер барбы?

–Кыргызстанда чындыгында бут кийим даярдоо боюнча атайын окуу жайлар бар экен. Бирок бут кийим жасоо боюнча дасыккан адис бизде жок экен. Бут кийим жасоо өзү дагы өтө татаал иш. Бут кийим жасоо мындай татаал болбогондо элибиз эчак бул ишкердикти колго алмак. Учурда биздин ишибиз жолго коюлуп калды. Чыдагандар иштеп жатат. Чыдабагандар кетип жатат.

Буйруса жакында бут кийим жасоо боюнча курс ачалы деп жатабыз.

Мисалы, үч миң сомдук бир айлык курс ачсам, үйрөнүүчү үч миң сом алып келет.

Кетип жатканда жок эле дегенде миң сомдук бут кийим, сумка же кур жасаганды үйрөнүп кетет. Менин өнөрүмө кызыгып курска келген адамга сөзсүз бир нерсени үйрөтүп чыгарууга тырышам. Бул мен үчүн да, окуган киши үчүн да жакшы. Бизде окутабыз деп курстарды ачышат. Бирок эч кандай практика жок. Практика болмоюнча эч ким эч нерсе үйрөнө албайт. Он бир жыл мектепте окуп, 11-классты бүтүп жатып катасыз, сулуу жаза албайбыз. Кайран 11 жыл кайда кетти. Эч жыйынтык жок. Ошондуктан биз талап кылганды үйрөнүшүбүз керек.

- Ишкерликтин көлөмүн көбөйтүү үчүн чоң акчалар талап кылынат. Ишкерлер көп өлчөмдө алган кредит менен иш алып барышат. Буга кандай карайсың?

–Мен кредит албай башкаларга үлгү, мисал болуп көрүнөйүн деген жигиттерденмин. Азыр эч кимден карыз сурабаган, кредит албаган ишкерлер керек. Ар бир үй-бүлө кредит албай жашоону үйрөнүш керек. Болбосо ишкер кредитке эле иштеп берет.

Биринин шапкесин бирине кийгизмей заман болду.

Өз шапкебизди кийип алып эле иш кылалычы. Ошондо сонун иш болот. Ар бир адамга жагымдуу иш болот.

–Ушул эле Ош базарынын тегерегинде жумушсуз, ичип алып ары-бери басып сөгүнгөн жаштар жүрөт. Бул көрүнүш сенин да жан дүйнөңдү кейитсе керек?

–Илимпоздор «Аялбы, эркекпи кайсыл жашка карабайлы, диссертация жасоого акылы бар» дейт. Бир келген жашоосун кор кылып, бош, супсак өмүр кечирген замандаштарыбызга жүрөк ооруйт.

Өткөн жылдары борбор калаабызда «Топчу жок» деген митинг болду. Бул уят эмеспи.

Желим бөтөлкөнү калыпка эритип куйуп койсоң топчу болуп калат да. А биз ошол топчуну өндүрө албай жатабыз. Бут алдыбыздагы акчаларды пайдаланбай тебелеп тепсеп, темселеп чет өлкөлөргө иштеп берип жүрөбүз. Башыбызды кичине эле иштетип бир нерсе өндүрсөк өзүбүз үчүн да, өлкөбүз үчүн чоң өсүш.

–Жакшы идеясы менен жаралган «Кадам» ишканасынын негиздөөчүсүнүн, бут кийимдерин дүйнөгө брэнд катары жайылтууга кызыккан Алмазбек мырзанын өмүр жолу кандай болду экен?

–Мен борбор калаабызга Нарын облусунун Ак-талаа районунун, Чолок-Кайың айылынан келгем. Тигүүчүлүк өнөр чоң атамдан калган. Негизи менин кесибим да журналист. Сиздердин кесиптешиңиздер болом. Мурда белгилүү телеканалдарда эмгектенип кеткем. Менин үй-бүлөм, жубайым, бала-чакам баары жалпылап менин ишимди колдошот. Колдон келген жардамдарын беришет.

–Окурмандар кызыгып калды окшойт. Бут кийимдердин баасы кандай болду экен?

–Баасы орточо эсеп менен 1500 сом. Мындан жогору бааны коюп деле байып отуруп алсак болмок. Кардарлар келе бермек. Бирок биз карапайым элдин чөнтөгүн аяп жатабыз. Бут кийим жасоого булгаарылар өзүбүздүн эле борбор калаабызда жайгашкан булгаары заводунан алынат. Ал эми жасоочу жабдыктарыбыз Кытайдан келген. Биздин бут кийимдер баардык өлчөмдө, баардык мезгилдерге ылайыкташып айымдарга, мырзаларга, жаш балдарга да тигилет.

Жамиля Нурманбетова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости