Дүйнөлүк соода уюмдун министрлер конференциясы Дүйнөлүк соода уюмунун жогорку өкмөттөр аралык органы болуп саналат. Эки жылда бир өтчү иш чарага ДСУга мүчө өлкөлөрдүн министрлери катышышат.
Э. Абакиров деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө тоскоолдуктарсыз соода каттамдары маанилүү экенин кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын өкүлү тарабынан товарларды ташуу маселелеринен тышкары учурда кызматтарды соодалоо тармагында чектөөлөр бар экени белгиленди. Бул тармакта квоталар дагы чектелген. Э. Абакиров ДСУга мүчө өлкөлөргө жогоруда аталган тоскоолдуктарды жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантуу керектигин кошумчалады.
Сөзүн жыйынтыктап жатып Э. Абакиров Кыргыз Республикасы ДСУГа Беларусиянын кошулуусун колдой турганын билдирди.