Көпчүлүк бул эмне жана эмнеге керек экенин билбейт. Эгерде муну чечмелөөдөн баштасак анда БДСУ — Бүткүл дүйнөлүк соода уюму деп чечмеленет. Бул мүчө мамлекеттер арасындагы соода-саясий мамилени жөнгө салчу жана эл аралык соода либералдаштрууга багытталган эл аралык уюм. Ал 1995-жылы түзүлгөн. Жайгашкан орду Женева. БДСУнун курамында 164 өлкө бар. Анын баары заманбап эффективдүү экономика түзүү жана дүйнөлүк соодада тең укуктуулукка умтулуп келишет.
БДСУга мүчө болгону Кыргызстан эл аралык стандарттарга жооп берген экономикалык өнүгүүнүн жаңы моделине жана укуктук базага ээ болду. Бул болсо өз кезегинде СССРдин кулашы менен келген экономикалык кризистен жана 1998-жылы болгон дүйнөлүк каржылык кризистен чыгуу үчүн негиз болду. Ошондой эле негизги жетишкендиктердин бирине БДСУнун бардык мүчө мамлекеттерине кыргыз товарларын жана кызматтарын экспорттоону да киргизсек болот.
Кыргызстан БДСУга коңшулардан (Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан), мурда кошулганы дагы бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берди. Бул жаңы өлкөлөрдүн кошулуу шарттарына таасир берүүгө, анын ичинде бул өлкөлөр менен соода алакасын түзүүдө өз шарттарын коюуга жардам берди. Мунун баары экономиканын өсүүсүнө жана ички сооданын өнүгүүсүнө өбөлгө болду.
Бирок медалдын башка бети дагы бар. Кыргызстан БДСУга бат кошулганы БДСУга мүчө эмес, салтка айланган соода өнөктөштөрү менен болгон мамилени солгундатты. Кошулуу шарттары акырына чейин иштелип чыкпагандыктан биздин өлкө олуттуу жол берүүлөргө барды, алардын ичинде улуттук рынокту коргоо кызыкчылыгы дагы бар.
Бирок БДСУга Кыргызстан мүчө болгонунан пайда көбүрөөк экенин айтсак болот. Бул өз убагында туура чечим чыгарылганы тууралуу кабар берет. 19 жыл ичинде өлкөбүз экономикалык жактан дүркүрөп өсүп кетпесе дагы туруктуу өнүгүү жолунда жана жашоо шарттары жакшыра баштады.
Жылдыз Самудинова