Күн баарына бирдей тиет!
Учурда дүйнөдө көмүр кычкыл газы, күн технологияларынын өнүгүүсү тууралуу саясий дебаттар болуп келет. Оптимисттер 2040-жылга карата күндүн энергиясы адамдардын 20% талаптарын аткарып, жылытууда күндүн энергиясын гана колдонгон шаарлар пайда болорун күтүүдө.
Эксперттер күндүн жылуулугунун 0,0005%ын гана колдонсок, дүйнөлүк энергетикалык суроо-талапты камсыз кыла алат деп санашат, ал эми 0,5%ын колдоно турган болсо дүйнөнү энергия менен толук камсыз кыла алат. Күн 22 күн жакшы тийсе, планетадагы бардык органикалык отундарга барабар болот. Бул үчүн күн нурун чагылдырып туруучу нерсе керек!
Күн – планетанын экологиясын аныктаган жылдыз. Биз күндүн энергиясын колдонобузбу жокпу бул жердин энергетикалык балансына жана биосферага эч кандай таасир бербейт. Күн нуруна ыраазычылык катары 1994-жылы күн энергиясынын эл аралык коомунун Европадагы бөлүмү Эл аралык күн күнүн белгилөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул күнү күн нурунун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулат дагы күн технологиялары боюнча долбоорлордун натыйжалары коомчулукка жайылтылат. Ар түрдүү мамлекеттерде күн энергиясына арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
Биз – «тренддебиз»!
Коңшулар убакытты текке кетирбей, колдонуп калышууда. Кытайда, Индияда, Түштүк Кореяда, БАЭде жана башка өлкөлөрдө күн көп тиет жана алар күндүн энергиясын көптөн бери колдонуп келишет. Мисалы, БАЭде зымсыз эле бир вилланы энергия менен камсыз кылган столба коюлган. Казанда болсо энергоресурстарды эффективдүү колдонуунун натыйжасында 10 жылда электр энергиясын колдонуу 40%га кыскарган.
Бишкек шаарына күн энергиясынын берилиши тууралуу маалыматтар таблицада көрсөтүлгөн. Е жана ЕР – күндүзгү күндүн радиациясы, [МДж/(м2·күн)], ал эми ТВ – айлар боюнча абанын температурасы (°С).
Таблица
айлар I II III IV V VI VII VIII IX X XI XII
Е 7,56 10,13 12,28 17,37 21,6 25,16 24,3 21,73 17,37 11,61 7,09 5,8
ЕР 3,91 5,36 6,34 7,78 6,91 7,78 7,56 6,48 5,56 4,86 3,34 3,1
ТВ –5,6 –3,2 3,8 11,4 16,9 21,3 24,1 22,6 17,3 10,1 2,2 –2,9
Кыргызстандын географиялык жайгашуусу жана климаттык шарттары дүйнөдөгү эң жакшы шарттардын катарына кирет дагы күндүн энергиясын колдонууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. КРнын курулуш климатологиясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга жылына болжол менен 2000 кВт·ч/(м2·жыл) күн нуру тиет.
Жалаң гана пайда көрсө болот
Эксперт Михаил Яковлевдин айтымында, күндүн энергиясын колдонуу өлкөнү башка отундардан көз карандылыгынан арылтат. “Күн жабдуулары имараттын электр энергиясына болгон суроо-талабынын 50–70%ын камсыз кыла алат, жакшылап, туура эсептесе жылытуу системасынан жана суу менен камсыз кылуудан сырткары 100 % энергия бере алат. Башка калыбына келүүчү энергиялар менен катар эле күндүн электр энергиясын сарамжалдуу колдонсо болот”,-дейт ал.
Күндүн энергиясынан – “жашыл” экономикага
Күндөн энергия алуу маселеси акыркы убактарда бизнеске дагы тиешелүү болуп калды. Кыргызстанда күндүн нурун колдонгон бир катар мисалдар:
А) Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кок-Мойнок айылындагы мектеп;
Дароо 2 күн системасы: 1) Ашканада суу ысытуучу 100 литрлик жабдуу. 2) Мектепти электр энергиясы менен камсыз кылуучу кубаттуулугу 2 кВт болгон фотоэлеткр станциясы; фотомодулдардын аянты 12 м2.
Б) Чүй облусу. Бишкек ш., Отель «Смарт». Суу жылытуучу коллектор, аянты 16 м2 (8 коллектор), жалпы 1200 л (4 бак).
В) Суусамыр району, Кожомкул айылы.
Г) Чүй облусундагы Ново-Покровка айылында тамак жасоо үчүн күндөн энергия алуучу меш.
Д) Ысык-Көл облусу, Григорьевка айылы. Теплицасы бар үй, ал үйдү жылытуу үчүн колдонулат. Кышында түштүк тараптагы бөлмөлөрдү жылытат. Теплица стеклопакеттен турат. Системаны курууну үйдүн кожоюну мойнуна алган.
Е) Ысык-Көл облусу, Ак-Суу айылы.
Туристтер үчүн курулган мейманкананы жылытуу.
Имарат түштүк тарапка курулган. Түштүк тарабында чоң пластик терезелер орнотулган, андан ар бир комнатага күндүн жылуулугу тиет. Жайында өтө ысык болуп кетпеши үчүн бастырма жасалган.
Жылытуу системасынын жардамы менен мейманкананын бөлмөлөрү кошумча жылыткычтары жок эле жылыйт.
Ошентип кышында мейманкананын сол тарабындагы бөлмөлөр жылыса, жайында бастырма күн нурунан сактайт.
Мындай мисалдар өтө көп, бул Кыргызстан күндүн энергиясын толук кандуу колдонсо болорунан кабар берет.
Күн келечеги
Суутектин көлөмү жетишерлик болбой турган маалда республика Күндүн мүмкүнчүлүктөрүн болушунча колдонсо болот.
Мыйзам базасын жакшыртып, бизнес өкүлдөрүн жана калкты энергетиканы үнөмдөөнү үйрөтүп, жаңы күн технологияларын колдонуп, электр энергиясын алуу жолдору тууралу маалыматка ээ болушу керек.
Эксперт Наталья Богатованын айтымында, Кыргызстан ысык суу алуу үчүн күндүн энергиясын колдонсо болот.
Күндүн энергиясынын негизги маселеси энергия кышында аз болгондугунда, жайында болсо энергия ашыкча болуп калган учурлар да болот. Ошондуктан алгач күндүн пассивдүү нурун пайдалануу үчүн тиешелүү дизайн жасап алып, андан соң гана жетпеген энергияны алуу үчүн күндүн энергиясын берүүчү жабдуу алуу зарыл.
Адамзатка күндүн энергиясын берүү – бул маанилүү маселе. Бул өтө зор технология жана барган сайын жакшырып бара жатканын жашырып болбойт. Бүгүнкү күнү эле ал чакан үйлөрдө, ири мекемелерде жада калса өндүрүштөрдө дагы пайдаланылып жатат
Ирина Байрамукова