• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан аймагында 396да суу түтүктөрү таптакыр жок

22

👁 2,325

Дүйнөдө БУУнун берген маалыматы боюнча 3 миллиардга жакын калк таза сууга жетпей келишет. Дагы 25 жылдан кийин ушундай эле оор абалга 5 млрд. киши туш болоорун окумуштуулар аныкташкан. Бул ХХI кылымдын курч көйгөйү суунун тартыштыгына байланыштуу жараларын айтып турат дешет адистер.
Ал эми Кыргызстан тууралуу сөз кыла турган болсок учурда болжол менен 1 миллион калк ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес. Республика аймагындагы 1805 айылдын 396сында суу түтүктөрү таптакыр жок. 400дөн ашуун 22 пайыз айылда таптакыр эле суу түтүк тарамы жок болгондуктан, булактардан суу алууга аргасыз. Ал эми 267, 14 пайыз калктуу пункт өткөн кылымдагы, 1960-жылдары курулган эски суу түтүктөрдү колдонуп келишет.

Бишкекте ичүүчү сууга 5,38 тыйын төлөнөт

Бүгүнкү күндө ичүүчү сууга болгон тариф өздүк наркынан 3–4 эсеге төмөн, ага байланыштуу аны 80% чейин жогорулатуу керектигин маалымат жыйындын жүрүшүндө өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев айтып чыкты. Анын айтымында, 0,5–1,5 литр бөтөлкөдөгү суунун наркы 15тен 25 сомго чейин турат, ошол эле мезгилде Бишкекте ичүүчү суунун 1 кубометри (1000 литр) 5 сом 38 тыйын, айыл жергесинде 3 сомдон жогору.

Аскарбек Токтошев : “Суунун өздүк наркы кызмат көрсөтүү, кармоо жана аны калкка жеткирүү менен бирге кеткен чыгымдар менен чогу каралган. Тариф жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан коюлат жана тарифти жогорулатуу саясатын жүргүзүү алардын кызыкчылыгында эмес”.

Ошондой эле Кыргызстандын калк жайгашкан пункттарын 2026-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында өлкөнүн бардык жашоочуларына суу эсептегичин орнотуу милдеттендирилет. Мындай чара калк колдонуп жаткан суунун көлөмүн жана анын берилишине жараша салыктын чогулушун көзөмөлдөй тургандыгын билдирди.

“Эсептегичтерди орнотуу өлкөнүн үч облусунда жүрүп жатат: Ош, Чүй жана Ысык-Көл, бирок бир айылдын тургундары бул чараларга каршы чыгышып, аны өз жерлеринин жаратылыш байлыгы үчүн төлөбөй тургандыктары менен түшүндүрүшкөн”, — деп билдирди Токтошев.

Ал түшүндүргөндөй, абоненттер өздөрү колдонгон суунун көлөмү үчүн гана көрсөтүлгөн сумманы төлөй башташат. Алсак, анын маалыматында, жер үйлөрдө суткасына орточо эсеп менен бир үй-бүлө 35 литрге жакын суу колдонот, ал эми көп кабаттуу үйлөрдө 325 литрге чейин. Ага байланыштуу бүгүнкү күндө калк колдонгон сууну каттоого алуу зарылдыгы турат.

Тарифти 80 пайыз көтөрүү сунушталды

Кыргызстанда 1300 курулуш фирманын отузу гана түтүктөрдү орнотуп, элди таза суу менен камсыздоо иштерин жасай алат. Сапатсыз иштеген фирмалар кара тизмеге киргизилген менен башка ат менен жаңысын ачып алгандар бар. Өкмөт суунун тарифин өзгөртүү боюнча сунуштарды колдоп берсе, ушул жылдын июнь айынан тарта жарандар жаңы тариф менен акы төлөп баштайт. Айта кетчү жагдай учурда жакыр жашагандарга жеңилдик берүү маселеси каралууда. Тарифтерде аймактарга жараша айырмачылыктар болушу мүмкүн.

“Элди таза суу менен камсыздоодо «Ала-Тоо булагы» программасын АРИС коомдук уюму менен ишке ашырабыз. Долбоор бүткөндөн кийин айылдарга 3–4 жолу барабыз. Тогуз-Торо аймагынан 4 айыл таза суу менен камсыздоо долбооруна кирген. Быйыл курулуш иштери башталышы мүмкүн”.

Учурда 8 сомду түзгөн суунун миң тоннасы үчүн калк 5,4 сом төлөйт. Тарифтерди көтөрүү маселеси ичүүчү суу максатсыз пайдаланылып, огород менен бакчаларды сугарууга колдонулуп жаткандыгы себеп болууда. Көйгөй өзгөчө жаңы конуштарда курч турат. Маалыматтар боюнча бир адамга суткасына 170 литр суу туура келери айтылат.

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы, депутат Мирлан Бакиров,- “Дүйнө калкынын 13 бөлүгү таза сууга муктажтыгын билдиргени бар. Андыктан таза суунун кадырына жете билип, анын сапатын арттырууга каралган каражаттарды, айрыкча донорлор бөлгөн инвестицияларды сарамжалдуулук менен өз максатына жумшасак, таза суунун тартыштык маселеси жаралбайт.

“ Кичи шаарларды суу менен камсыздоо дээрлик аяктап калды. Айрым айылдардын сууга болгон муктаждыгын чечүү жумуштары да жок эмес. Бул ишти ыкчамдатуу керек. Анткени, суу — бул өмүр. Андыктан, элдин ырыскысына суук колду салбаш керек!”.

Казакстанда ичүүчү суу 3 эсеге кымбат

Ичүүчү суунун тарифи тууралуу коңшу өлкөлөр тууралуу сөз кыла турган болсок, мисалы Казакстандын Астана менен Алматы шаарында коммуналдык тейлөөлөрдүн акысы жыл сайын көтөрүлүп келет. Кыргызстандан айырмаланып, бул кошуна өлкөдө ар бир аймак үчүн өзүнчө баа бычылган. Коңшу өлкөдө тарифтердин өсүшүнө теңгенин кунсузданышы да бирден бир себеп.

“Астана суу арнасы” ишканасы да 2016-жылы ичүүчү суунун куб.метри үчүн бааны 72 жарым теңгеден 94 теңге 25 тыйынга чейин көтөрүүгө аракеттенген. Мындай баа Кыргызстандын сому менен 19 сомго барабар. Тактап айтканда азыркы ичүүчү сүүнүн баасы биздикине караганда 3 эсе кымбат.

Жарандар салыкка макул, тарифке каршы

Азыр жогорудагы сумма менен элдер колдонгонуна жараша төлөп келет. бирок тарифтерди көтөрүүгө каршы эмесби? Деги эле ичүүчү сууга салык төлөш керекби деген сурамжылообузга шаар тургундары төмөндөгүчө жооп берди:

Тынар, Бишкек: - Биздин өзүбүздүн жаратылыштан чыккан ичүүчү сууга эмнеге төлөшүбүз керек. И так төлөп жатабызго. Аны да көтөрө турган болсо билбейм эмне болот. Бирок мен буга каршы пикирдемин.

Замир, Чүй: - Сууга төлөшүбүз керек. Ансызда төлөп келе жатабыз го. Бирок тарифтердин көтөрүлүшүнө караманча каршымын. Бензин аз келгенсип сууну да көтөрөбүз дегени туура эмес.

Жылдыз, Баткен: - Негизи төлөбөш керек деп ойлойм. Анткени Кыргызстанда суу көп. Жетишерлик десем болот. Бирок колдонуп жаткандан кийин төлөгөнгө туура келет да. 

Алина, Талас: - Тарифтерди көтөрүүгө өтө каршымын. Себеби өзүбүздөн чыккан сууну кантип кымбат төлөшүбүз керек. Суу бизде маселе болсо бир жөн эле. Ошондуктан суудан башкасын көтөрө беришсинчи.

Айсулуу, Баткен: - Менин оюмча төлөшү керек. Себеби Кыргызстанда суу кенен болгону менен анын баркын билбей жатабыз. Ошондуктан суунун баркын сезиш үчүн бекер деп каалагандай колдонбой аяр мамиле кылсак жакшы болмок.

Келечекте ичүүчү суу көйгөйү чечилет

Суунун сапаттуулугун камсыздаганда гана ден соолук бекем болот. Ошондуктан тариф саясатына келгенде суу акысын төлөөдөн качкандар болбойт. Болгону убагында таза суу менен камсыздоо керек дешет адистер.

Жарандарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча дүйнөлүк Банктын жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 6 млрд 538 млн сом көлөмүндөгү “Ала-Тоо Булагы” аттуу программанын алкагында колдоо көрсөтөт. Программанын ишке ашыруунун биринчи этабы Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 115 айылын камтыйт. Андан тышкары 2026-жылга чейин КРнын калктуу пунктарын ичүүчү суу жана саркынды суулар системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча пландар каралган.

И. Жамалбеков

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости