Конкурстун шартына ылайык эки жылдын ичинде авторлор өз долбоорлорун ишке ашыруунун үстүндө иштешип, өз эмгектеринин натыйжаларын көрсөтүштү. Отчеттук бетачардын максаты тандап алынган инновациялык долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу жана коммерциялаштыруу үчүн ойлоп табуучулар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда аянтча түзүү болуп саналат.
Бетачарда төмөнкү инновациялык долбоорлор көрсөтүлдү:
- «Биротордук чакан ГЭС» — долбоордун жетекчиси – А. Ж. Обозов, жооптуу аткаруучулар Р. А. Акпаралиев, Т. Т. Медеров — Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун инновациялык долбоорлорунун авторлору болуп саналат. Долбоор жеке керектөөчү үчүн биротордук типтеги чакан суу электр чордонунун жаңы түрүн иштеп чыгууга багытталган. Долбоордун авторлору видеочыгырык жана тажрыйбалуу үлгү аркылуу жаңы техникалык чечими анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк түзгөн, өзгөчөлүгү калактарды кайрадан айландыруу болуп саналган биротордук жабдууну практикалык колодонууну көрсөтүштү.
Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев ойлоп табуучулардын медицинаны жана суу энергетикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын, ошондой эле адамды өнүктүрүүнүн бардык чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү сапаттуу сунуштарды түзүүдө жаңы инновациянын баа жеткис ролун белгиледи. “Жаңы технологиялар бизнес секторунун кирешесинин көбөйүшүнө жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет”, — деп баса белгиледи ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө жогоруда аталган инновациялык долбоорлордун автор-ойлоп табуучулары изилдөө ишине жана тажрыйбалуу үлгүлөрүн жасоо аны иш жүзүнө ашырууда жардам бергендиги үчүн Кыргызпатентке терең ыраазычылыгын билдиришти.
“Көп күч жана убакыт жумшалды, долбоорду изилдөөгө, кайра иштеп чыгууга бир нече ирет кайрылууга туура келди — бул аябагандай татаал жана назик эмгек, бирок биздин эмгектерибизди илгерилеткендиги жана колдогондугу үчүн биз Кыргызпатентке абдан ыраазыбыз. ”, — деди өз сөзүндө Асанов.
Маалымдама:
Асанов Болот Үсөнович – химия илимдеринин кандидаты, доцент, Ү. А. Асанов атындагы илимий техникалык борбордун жетекчиси, бир катар диплом-грамоталардын ээси:
- № 009756 25.04.2008 ж., Евразия патенти (Евразия патенттик уюму)
- № 010844 30.12.2008 ж., Евразия патенти (Евразия патенттик уюму)
- №667200 9.01. 2010 ж., Кытай патенти
- №1042139 9.05.2012 ж., Кытай патенти
Обозов Алайбек Жумабекович – техника илимдеринин доктору, профессор, И. Раззаков атындагы КТУнин ВИЭ кафедрасы:
- №1506 31.10.2012 Кыргыз Республикасынын патенти Биротордук чакан ГЭС.
- 2017-ж. Шанхай кызматташтык уюмунун жаштар инновациялык форумунун сертификаты.
Кыргызпатенттин басма сөз катчысы