• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызпатент «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» сынак жарыялайт

kyirgyizpatentu-25-let

👁 1,174

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» республикалык конкурсун өткөрүүнү жарыялайт.
Конкурстун максаты — коомдо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү куралы катарында интеллектуалдык менчиктин ролун жана маанисин кеңири түшүндүрүү.

Конкурс төмөнкү 5 номинация боюнча өткөрүлөт:

- «Акыл табылга» (Мыкты ойлоп табуу), патент ээлерин катышууга чакырылат;

- «Канатташ» (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу), автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар, анын ичинде театрлар, филармониялар, телерадиокомпаниялар, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, коомдук тамак-аш ишканалары, көңүл ачуу жайлары, соода аянттары катышууга чакырылат;

- «Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти сыйлоону камсыздоого көмөктөшүү), жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, окуу жайлары, окумуштуулар, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, журналисттер, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана окутуучулар катышууга чакырылат;

- «Келечек жаратманы» (Жаш техник), 17 жашка чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар борборлорунун жана техникалык чыгармачылык ийримдеринин окуучулары катышууга чакырылат. Бул номинацияда Конкурска катышууга сунуштоону жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар техникалык чыгармачылык борборлорунун жетекчилери беришет;

- «Мыкты бренд», Кыргыз Республикасынын аймагында продукция чыгаруучу жана кызмат көрсөтүүчү менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар жана уюмдар катышууга чакырылат.

Сынакка жеке жана юридикалык жактар катыша алат. Ар бир номинацияга бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши керек, өтүнмөлөр электрондук дагы, кагаз түрүндө дагы кабыл алынат.

Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек ш., Москва көч., 62.

e-mail: nomination@patent.kg

Кененирээк маалыматты www.patent.kg сайтынан же (0312) 68−19−02 телефонунан алууга болот.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2018-жылдын 20-мартына чейин.

“Мыкты бренд” номинациясы боюнча интернет-сурамжылоо жүргүзүлөт, өткөрүлчү сайт кошумча билдирилет.

Сыйлоо аземи 2018-жылдын 26-апрелинде – Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүндө өтөт.

«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген республикалык сынакты өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

Тиркеме:

http://patent.kg/doc/innovation/konkurs/polojenie24042017ru.pdf

http://patent.kg/doc/innovation/konkurs/konkursru.pdf

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости