Кыргызпатенттин 2017-жылдын иш жыйынтыктары боюнча коллегиясында Өкмөттүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев региондордо өз багыты боюнча ишти күчөтүүнүн өтө зарылдыгына жана региондордон өтүнмөлөрдүн келип түшүүсүн кеңейтүүгө көңүл бурду.
Анын сөзү боюнча инновациялык экономиканын дараметин калыптандыруу үчүн жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө билим берүүнүн усулдук колдоону камсыздоо үчүн бул жаатта Кыргызпатенттин көмөк көрсөтүүсү зарыл.
Мекеменин башкы милдеттеринин бири болуп экономикада өзүн ишке ашырган, башкача айтканда өндүрүшкө инновацияларды киргизген университеттердеги илимий иштелмелердин натыйжалары саналат. Ошону менен бирге, ал инновациялык долбоорлор мамлекет үчүн артыкчылыктуу тармактарда болушуна мекеме көңүл буруусу зарыл деп белгиледи.
Ошондой эле, коллегияда былтыркы жылга салыштырмалуу автордук сый акыны чогултуу 15%га төмөндөгөндүгү белгиленди. Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын жетекчисине жана текшерүү бөлүмүнүн башчысына башкарууну уюштуруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилди.