Бир катар экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков БАЭ эл аралык кызматташуу жана тышкы иштер министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайянга биргелешкен инвестициялык фонд түзүүну сунуштады.
БАЭ эл аралык кызматташуу жана тышкы иштер министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян, Эмират Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.
«2016-жылы Бириккен Араб Эмиратына 20 миллиондой турист келген. Өлкө экономикасында туризмден түшкөн киреше бөлүгү 9% ээлейт. Мындан сырткары биз дүйнөдөгү алдыңкы АКШ, Улуубритания, Индия, Кытай жана башка экономикалык өлкөлөр менен ири көлөмдө соода тармагында кызматташтыгыбыз бар», – деди Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайяна. Ал белгилегендей, делегациянын курамында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын бизнести өнүктүрүүдөгү шарттарын кароо жана өлкөнүн инвестициялык жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн келген.
Учурда Кыргызстанда кыргыз-орус фонду чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча өз ишин жүргүзүп келет. Дагы бир нече фонддорду түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биргелешкен фонддордон сырткары аймактарда Өнүктүрүү фонддору дагы иштеп келет.
Учурда биздин өлкөдө өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар уюмдар бар, бирок натыйжа жок.