3 жылдан бери айтылып келген бул мыйзам долбоору өтөбү же жокпу фракциялардын добуш берүүсүнөн кийин белгилүү болот. Азырынча биздин мекендештер Орусияда эмгектенип, акчаларын айылына салуу менен алек.
Мигранттардын арасындагы эң популярдуу өлкөлөрдүн арасында Германия, БАЭ, Улуу Британия жана Франция бар.
Ал эми акчалар которулган негизги өлкөлөр – Индия (72 млрд доллар) жана Кытай.
Орусиядан которулган каражаттардын 80%ы КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинен негизи Борбор Азияга кетет.
Орусиянын аймагында Өзбекстандын жарандары көп — 1,8 млн адам, Тажикстандын жарандары — 1 млн жана жарым миллион кыргыздар бар.
Орусиядан келген акча когторуулар 2015-жылы азайган, буга рублдун курсунун түшүүсү себеп болгон.
Тажикстанга акча которуу 61%, Өзбекстанга 55%, ал эми Кыргызстанга каражат которуу 39% азайган.
Баса, ЕАЭБге киргенден кийин кыргыз жарандары үчүн Орусияда ишке орношуу бир топ жеңил болуп калды. Кыргыздар орусиялыктардай эле укуктарга ээ.
Кыргызстан акча которуулар боюнча лидер деп кыйкыруунун кереги жок. Себеби бул өлкөдө жумушсуздук канча күч алганынын көрсөткүчү.