Мен өзүм айылдагы уз айымдар менен жолугушуп, жыйынтыгын байкоо менен өтө таң калгам: кооперация кирешени гана көбөйтпөстөн (айрым коопреативдерде кирешелер 1–2 жыл ичинде 10 миң сомдон 800 миң сомго чейин жогорулаган), эртеңки күнгө ишеним берип турду.
Бул жөн гана сөздөр эмес. Үйдө отурган аялдар туугандарына, коңшуларына ар кандай сувенирлерди жасап, кыздарга сеп жасап беришет. Кооперативге биригүү менен алар Кыргызстанда гана эмес чет өлкөлөргө дагы буюмдарын сатып, жакшы киреше таба башташкан.
Облустарды, райондорду, айылдарды кыдырып биз мындай жыйынтыкка келдик: айылды, мамлекетти кооперация жолу менен жакырчылыктан чыгарса болот экен, муну бизге жана өкмөткө донорлор сунушташкан.
Кооперацияны билүү менен мен ал экономикалык ишмердүүлүк менен коомдогу кыймылды бириктирип турарын түшүндүм. Учурда дүйнөдө 700 миллион кооператив бар. Эл аралык кооперативдик альянс өзүнө 76 өлкөдөн 192 улуттук кооперативдик биримдикти камтыйт.
Кооператив идеясы айыл жашоочуларынын, малчылардын, дыйкандардын жашоосун жакшыртууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.
Кооперация дыйкандарды бириктирүү идеясын колдоп, айыл-чарба өнүмүн сата албай жаткан элге аба сыяктуу керек.
Кооперация (лат. cooperatio) – бул эмгекти уюштуруу формасы, анда белгилүү сандагы адамдар (ишерлер, чарбачылар) же ишканалар биргеликте бир эмгекте, өнүм процессинде же өз ара байланышкан процесстерде катышышат.;
Кооператив — Кооперативдердин мүчөлөрүнүн бири бирине жардам берүүсү жана биргеликте негизделген экономикалык ишкана. Кооператив өз мүчөлөрүнүн экономикалык кызыкчылыгы менен түз байланышта. Кооперативдин ишинин негизи кооперативдик принциптер. Негизги принцип: кооперативдин бир катышуучусу – бир добуш, мунун бийликтен өтө чоң айырмасы бар.
Тарыхый тажрыйбадан келип чыккан:
Кооперация катышуучулардын жеке абалын бекемдеп социалдык жактан коргоого алат. Мүчөлөрдү иш менен камсыз кылып, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселени чечет. Эң негизгиси – кооперация ата мекендик айыл-чарба азыктарын импорттоочуларды алмаштырып, мамлекеттик тапшырмаларды ишке ашырууда негизги оператор болуп берет. Жергиликтүү айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөр өнүмдөрүн ишенимдүү сатуу менен туруктуу киреше табышат.
Учурда 120 түрдүү кооператив иштейт, алардын саны 70 миңден ашуун, мүчөлөрү болсо 800 миллиондон ашык.
Францияда элдин 90%ы насыялык кооперациялардын кызматтарынан пайдаланышат. Кошмо штаттарда болсо 900 электр кооперативи 37 миллион адамга кызмат көрсөтүп, өлкө боюнча электр энергиясын бөлүштүрүү тармагынын жарымына ээ болушкан.
Норвегиядагы, Жаңы Зеландиядагы, АКШдагы айыл-чарба кооперативдери болсо 80–90 пайыз сүттү чыгарышса, Кореяда 70 пайыз балык азыктары чыгарылат. Мисал катары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү алалы – Бангладеш. Ал жакта электр кооперативдери 28 миллион адамга кызмат көрсөтүшөт, Бразилияда айыл-чарба азыгынын 40 пайызын кооперативдер чыгарышат.
Россияда 1990-жылы колдонуучу кооперациялары өлкөнүн калкынын 40%ына кызмат көрсөтчү, 30 млн айылдыктар анын мүчөсү болчу. 1991-жылга карата колдонуучу кооперация ири соода системасы катары болгон. Өлкөдөгү чекен товар айлануунун 30%ы кооперацияларга тиешелүү болчу, ага соода кылган, коомдук тамактануучу жайлар, өнүм чыгаруучу жана башка 240 миң ишкана караштуу болчу. Кооперацияларда 1,5 млн адам иштечү. Системанын уюштуруучу структурасы 4,5 миң колдонуучу уюду, 500 биримдикти камтычу. Катышуучулардын саны 23 млн адам болгон. Бүгүнкү күнү Россиянын ар бир облусунда 20–25 райондук уюмдар бар, алардын көбү чарба иштери менен алек.
Азия өлколөрү:
Азияда 45 млн 300 миң адам насыя уюмдарынын мүчөсү (кооперативдердин дагы бир түрү). 1990-жылы Азиянын өнүгүп келе жаткан өлколөрү Чпонияны кошкондо дүйнөлүк кирешенин 21%ын түзүп турган. Экперттердин баасы боюнча 2025-жылга карата бул үлүш 39% болсо, 2050-жылы 60%га жетет.
Совет доорунда Кыргыз Республикасынын колдонуучу коопеарциясы өлкөнүн айылындагы жашоочулардын 90 пайызын тейлеп турган. Система өндүрүүчү, даярдоочу жана башка бирдиктүү системаны түзчү аны борбордук уюм башкарып турчу.
Дал ушул учурда Кыргызпотребсоюз системасы материалдык жоготууларга учурап, колдонуучу кооперациялардын мүлкү тартып алынып, коммерция жана акционердик коом делинип жеке колдорго өтүп кетти.
Кыргызстандын кооперациясындагы кризиске ички факторлор таасир этти. Катышуучулардан баштап рынокто атаандаш боло албагандык анын жоголушуна алып келди.
Айыл-чарба өнүмүнүн азайышы, айыл-чарбада эмгектенгендердин эмгегинин бааланбашы айыл тургундарынын кирешесинин азайышына алып келди. Баанын өсүүсү айылдыктар сатып ала турган товарларга тиешелүү болду.
Ушул себептер менен Кыргызстандын айыл аймактарында оор социалдык-экономикалык абалда калган элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн.
Кыргызстандагы аймактарда социалдык-экономикалык абалдын начарлашын токтотуу мүмкүн эмес.
Тилекке каршы, мамлекет аларга эч кандай колдоо көрсөтпөйт, алар өтө начар иштеп, бир топ маселелерге тушугуп жатышат. Алардын арасында айыл-чарба техникасынын жетишсиздиги, сугат, жерлердин сапатынын начардгы, жер семирткичтердин жетишсиздиги, үрөн тартыштыгы, айыл-чарба тармагында билимдин жана тажрыйбанын аздыгы, жеткиштүү каржылоо болбогондук, ветеринардык кызматтардын жакшы иштебегендиги жана башкалар бар.
Кооперативдердин жакшы жактары өтө көп. Мисалы, айыл-чарба кооперативдеринин катышуучулары техника, тоют, үрөн, техникалык кызматтарды, насыяга акча, өстүргөн өсүмдүгүн сатуу, күйүүчү май алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кооперативге кирүү же кирбөө, кооперативдик кыймылын өнүктүрүү ар бир айылдыктын өз иши. Бирок тарых жана дүйнөлүк практика кооперативге кирип көрүү керектигин көрсөтүп турат. Балким аракет кылып көрөбүз?
С. Молдогазиева