• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызча чиптештирүү же биометрия жаңы фазага чыкты

7df2cb6c00

👁 1,151

Орто Азияда биометрикалык паспорттун колдонулушу киргизилип жаткан биринчи өлкө Кыргызстан.

Бул 2017-жылдын жаз айында болмокчу. Мамлекеттик каттоо кызматы жакында микрочип орнотулган электрондук биометрикалык паспорттун эскизин көрсөттү.

Паспорт ээси тууралуу бардык маалыматтар, социалдык камсыздоолор, банктык эсеп, айдоочулук күбөлүк жана пенсия китепчелери дал ушул чипте сакталат.

Мамкаттоонун жетекчиси Т.Сарпашев билдиргендей, биометриканын жакшы жагы – бул ыңгайлуулук, коопсуздук, убакытты үнөмдөө жана мамлекеттик кызматтарды сапаттуу жана бат алуу.

ЭКОНОМИКА жаңы системге пафостуу баа берүүдөн алыс. Биз 2010-жылы Грузияга биометрика киргизилип жатканда өз пикирин айткан эл аралык эксперт Оле Холтведдин сөздөрүн келтирмекчибиз.

“Бармак изин идентификациялоочу автоматтык систем бармак изин башкалар менен салыштыруу принциби менен иштейт. Бир миллиондук база үчүн бул бир бармак изин 999.999 бармак изи менен салыштыруу дегенди билдирет. Компьютер 1 000.000.000.000 салыштырууну жүргүзүүсү керек болот. Эгерде маалымат базасында бардык 10 манжанын изи боло турган болсо, анда салыштыруунун саны 100. 000. 000. 000. 000. Жогорулайт. Кызмат көрсөтүүчү сервер секундуна 50.000 салыштыруу жүргүзө алат деп жатат, демек мындай ылдамдыкта миллион салыштырууну 20 секундда жүргүзсө болот дегени катачылык. Бул туура эмес. Миллион салыштырууга 20.000.000 секунд башкача айтканды 231 күн талап кылынат. Он манданы салыштыруу үчүн 63 жыл талап кылынат” (!).

Техника деген техника экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ал канчалык катаал болсо, маалымат базасы бир күнү жөн гана иштебей калуусу мүмкүндүгү тууралуу коркунуч дагы ошончо жогору.

Бүгүнкү күнү сервер ишеничтүү жерде сакталган болсо дагы система коргологондугуна эч ким кепилдик бере албайт. Керек болгон учурда тажрыйбалуу хакерлер маалымат базасынан колдонуп кетиши мүмкүн жана ал үчүн миңдеген жолдор бар.

Америкалыктар 2003-жылы эле электрондук системдеги каталар тууралуу билип система башка бирөөнүн кирүүсүнөн корголбогонун билдирген.

Мындан сырткары ошол эле америкалыктар электрондук систем менен жыйынтыктарды жасап коюу оңой экендигин билдиришкен. Электр жарыгын өчүрүп туруп бардык системди кайрадан программалап койсо болот. Ал эми жарык Кыргызстанда көп өчүрүлөт эмеспи.

Британиялык окумуштуулар эскперимент жүргүзүшкөн. Алар микрочип жөнөкөй эле штрих код сыяктуу экенин тастыкташкан. 200 еврого алар штрих код окуучу жабдууну сатып алышып, паспорттогу бардык маалыматтарды эч кандай көйгөйсүз эле көчүрүп алышкан. Бул биометрикалык паспорт башка документтер сыяктуу эле корголбогонунан дагы бир жолу кабар берет.

Эгерде алдамчылар маалыматты саноо принцибин үйрөнүп алса, анда эртең эле насыяңыз көп адам, андан дагы жаманы кылмышкер болуп калууңуз мүмкүндүгүнө эч ким кепилдик бере албайт.

Дагы бир америкалык эксперт Джеральд Митчелл төмөнкүлөрдү айткан:

“Биометрикалык технологияларды шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо процессин интеграциялоо биометрикалык эталндорду борбордоштуруп сактоону талап кылат. Ал үчүн бийлик көзөмөлдөй ала тургандай кылып шайлоочулардын физикалык характеристикасы тууралуу маалымат базасын түзүү керек. Маалыматтарды коргоо жогорку деңгээлде болуусу кажет. Биометрикалык эталондорду өзгөртүп коюу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылуусу зарыл, анткени бул жасалмалуулукка алып келет. Мисалы: адам тууралуу маалыматтар өзгөртүлүүсү же бузулуусу ыктымал. Ошондой эле биометрикалык маалыматтарга кибер-чабуул жасалса дагы жыйынтыктын тактыгына таасир берет”

Жаңы документтердин жакшы жактары дагы бар.

Сырткы көрүнүш

Биометрикалык паспорт жөнөкөй паспорттон электрондук паспортту таануу үчүн коюлган микросхеманын логотиби менен айырмаланат. Биомтерикалык паспорттун биринчи бети кадимки паспорттукуна караганда калың. Дизайн жана өңү дагы айырмаланып турат. Паспорттун барактары көгүш өңдө болот.

Биринчи барагында электрондук чип жайгаштырылат, анда санариптик сүрөт жана паспортко жазылган маалыматтар сакталат.

Биометрикаык паспорттун артыкчылыгы

Биометрикалык паспорттун негизги артыкчылыгы чет жакка чыгып жатып адам ал тууралуу маалыматтын такталышына көп убакыт коротпойт. Учурда электрондук текшерүү бар көптөгөн мамлекеттерде атайын коридорлор түзүлгөн жана ал жакта көпкө кезек күтүп туруунун кажет жок. Биометрикалык маалыматтардын паспортто сакталуусунан улам маалыматтарды тактоону машина жүргүзөт. Бул болсо текшерүүчүнү субъекттик катадан сактайт жана чек арадагы текшерүү процессин тездетет.

Мамлекеттик каттоо кызматы сөз бергендей, биометрикалык паспорттор Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик кызматтарды алууда бюрократиядан алыстатат.

Назира Джуман

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости