Муну менен өлкө мурдагы иликтөөлөргө салыштырмалуу эки позиция ылдыйга түштү.
«Бизнес жүргүзүү — 2018» рейтинги 2017-жылдын 1-июнуна карата даярдалган, андан кийин жүргүзүлгөн реформалар эске алынган эмес.
Ошондой эле келишимдердин аткарылышын камсыздоо 139-орунга чыгып, 2 тепкич жогорулаган, ишканаларды каттоо – 29-орун (1 жылда +1 тепкич), курулушка уруксат алуу багытындагы көрсөткүчтөр 31-орунга чыгып 1 тепкичке жогорулаган.
Менчиктерди каттоо өзгөрүүсүз калып, 190 өлкөнүн ичинен 8-орунга чыгып, лидерликтен түшпөй келет.
Электр тармактарына туташуу, эл аралык соода, салык индикатору боюнча төмөндөгөн.
Жалпысынан Орусиядан тышкары ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн баарынын көрсөткүчтөрү начарлаган. Орусия дүйнө боюнча 35-орунду ээлеп 5 тепкичке жогорулаган. Казакстан 36-орунду ээлеп 1 тепкич төмөндөгөн, Армения 47-орунга чыгып бир жылда эле 9 позицияга ылдыйлаган, Беларусь болсо 38-орунда болуп 1 тепкич төмөндөгөн.
Экинчи жыл катары менен Жаңы Зеландия рейтингде биринчи орунду бербей келет.
Өзбекстан 74-орунду ээлеп 13 орунга алдыга жылган, Тажикстан болсо 123-орунду ээлеп 5 тепкичке көтөрүлгөн.
Рейтинг 2017 | Рейтинг 2018 | Рейтингдеги өзгөрүүлөр | ||
Жалпы рейтинг | 75 | 77 | –2 | |
Ишканаларды каттоо | 30 | 29 | +1 | |
Курулушка уруксат алуу | 32 | 31 | +1 | |
Электр менен камсыз кылуу тармактарына кошулуу | 163 | 164 | –1 | |
Менчикти каттоо | 8 | 8 |
Без изменений |
|
Насыя алуу | 32 | 29 | +3 | |
Миноритардык инвесторлорду колдоо | 42 | 51 | –9 | |
Салык | 148 | 151 | –3 | |
Эл аралык соода | 79 | 84 | –5 | |
Келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу | 141 | 139 | +2 | |