“Кыргызалтын” ААКсынын кайрылуусу менен “Сибирь электротехникалык заводун” ишенимсиз камсыздоочулардын катарына киргизүү тууралуу ведомстволор аралык комиссиясынын жыйыны болгон. Анда аталган завод эрежеге ылайык келишимдин шарттарын аткарбагандыгы белгилүү болгон.
Бул маселени кароо боюнча жыйынга “Сибирь электротехникалык заводу” ЖАКнын өкүлдөрү келишкен жок.
Келишимге ылайык, камсыздоочу товарды 40 календардык күндө жеткирип берүүчү керек болчу. Шарттар аткарылбагандыктан кыргыз компаниясынын өкүлдөрү келишимди бузуу тууралуу аталган компанияга кат жолдогон, бирок орусиялык тарап бул катка эч кандай жооп кайтарган эмес.
Эми ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, “Сибирь электротехникалык заводу” ЖАКы 2 жылга ишенимсиз камсыздоочулар базасына киргизилди.