Бирок экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү жөнүндө сөз болгондо, дайыма компостту- пайдалуу органиканы эске алабыз. Бул ар кандай биологиялык материалдардагы микроорганизмдердин таасиринен чириндиге айланган материал. Айталы, өсүмдүктөрдүн калдыктары, кык, чым көң, дарактардын жалбырактары, чөптөрдүн чириндиси .
Таштандыны алып, компост жасап, акча жасаш керек. Андрес Кыргызстан акырындап органикалык таштандыларды жыйнап жана ташый турган техникаларды көп сатып алып, компост жасоонун кеңейтет деп үмүт кылат. Бүгүнкү күндө ал 4 машинадан ашык таштанды кабыл ала албайт. Мындай органикалык таштандыларды кайра иштетүүчү практиканы өнүктүрүү үчүн өкмөттүн колдоосу зарыл.
Бирок практика көрсөткөндөй, кыргыз аграрчылары “Кыргыз-компост” бренди менен чыгып жаткан жер семирткичке абдан ыраазы. Ал чоң кичине ар кандай мүшөктөргө салынып же эндей сатылууда.
Адегенде алар өз алдынча болгону 3 күнөскана курушкан. Андан кийин жыл сайын сатылгандан түшкөн кирешеге 100Х75 өлчөмүндө жаңыларын курушту. Аларга тажрыйба алмашуу үчүн Сокулук-Аламүдүн райондорунан, айыл чарбасы боюнча консультациялык кызматтан, мамлекеттик үрөн инспекциясынан, райондук айыл чарба департаментинен, экологиядан кишилер келип турушат.
Кызматкер Симура Акматованын айтканына караганда, Исмаил Карабековдун күнөскана чарбасы «Кыргыз-Компост» жер семирткичин пайдаланат.
«Жакшы жер семирткич алуу өтө маанилүү. Бирок бул – жарым иш. Биз бир нече жолу көптөгөн себептерден улам банкрот болуу чегине бардык. Анын башкысы — бул күнөсканада жашылчаларды өстүрүү технологиясын, жер семирткичти бергенди, зыянкечтер менен кантип күрөшүүнү билбегендик”,- дейт “Эптымак” үй бүлөлүк чарбасынын башчысы Айша Асатова.
Тилекке каршы, ата мекендик фермерлердин маалымат муктаждыгын “сарафан радиосу” же болбосо жолдоштук жардам канааттандырып келүүдө. «Адегенде менде помидордун ордуна жалаң эле тамыр өсчү, бирок мага Чоң-Арыктагы гүл өстүрүүчү Толя байке жардам берди. Ал жыл сайын келип мага пикировка кылганды үйрөттү. Азыр карачы менин помидорлорум кандай сулуу!”- дейт Исмаил Карабеков.
Бүгүнкү күндө айыл чарбасы КРнын негизги маанилүү тармактарынын бири: ал бардык иштеген калктын 60 пайызын же 950 000 адамды өзүнө алат. Эксперттердин айтымында, калктын 3/2си айылдыктар.
«Бирок жердин 7 пайызы гана сугат жерлер болуп эсептелет. Ошондой эле айыл чарба өндүрүшү Кыргызстанда көп учурда суунун жана органикалык жер семирткичтин жетишпегендиги, совет мезгилинен калган ирригация системасы бузулгандыгы, чек ара жерлерде коңшулар менен тиреше кетүү же таптакыр жаап салуу, ошондой эле социалдык толкундоолор же техногендик кыйроолор менен коштолуп келет. Мунун бардыгы айыл жерлеринде жашагандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектейт жана жер кыртышын көбүрөөк асылдандырып, айыл чарбасында ар бир гектар жерден жогорку түшүм алуунун зарылдыгын көрсөтөт. Демек, ата мекендик фермерлердин, дүйнөлүк стандарттарга жооп бергендей жерди эффективдүү иштете билүүсү зарыл жана аларга сапаттуу жардам берүү керек”,- дейт тажрыйбалуу агроном Убайдулла Абдуллаев.
Ирина Байрамукова