Аймактык саясаттын негизги пункттарынын бири болуп учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык саясат аталууда, ал экономикалык байланышты тереңдетүүчү жаңы форматтарды өзүнө камтыйт.
Учурда Кыргызстандын товар айлануу түзүмүндө Өзбекстан 5%ды ээлейт, анын ичинен экспорт-8,7; импорт-3,6 %.
2018-жылдын 8-февралында Бишкекке Өзбекстандын 24 өкүлүнөн турган делегация келген. Делегацияны Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген, ошондой эле меймандардын арасында министрликтин өкүлдөрү, Өзбекстандын соода ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилери да бар болчу.
Өзбек делегациясынын курамы көптөгөн жылдардан бери үзүлүп калган экономикалык байланыштардын жандана баштаганынан кабар берип турган.
Эске сала кесек, сентябрь айынын башында Бишкекте кыргыз жана өзбек бизнесмендеринин биринчи бизнес-форуму болуп өткөн, ал коңшу өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланышын жанданткан алгачкы иш-чара болгон. Ошондо Өзбекстандан келген делегациянын жетекчиси Элёр Ганиев Кыргызстан менен экономиканын баардык тармактарында кызматташууну өнүктүрүү керектиги жөнүндө билдирген болчу. Өз кезегинде КРнын Экономика министри Артем Новиков Кыргызстан соода кылуу үчүн эң ыңгайлуу жерде жайгашканын билдирген болчу. Кыргыз тараптан 40тан ашуун ата мекендик компаниялары тааныштырылган. Ишкерлер менен болгон бул жолугушуу жана сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Өзбекстандын эффективдүү кызматташуусунун пайдубалы болуп калган.
2017-жылдын 13-декабрында КРнын президентинин Өзбекстанга болгон иш-сапарынын алкагына КРнын Экономика министрлиги менен Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин ортосунда соода каржылоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу макулдашууга кол коюлган болчу. Ал эки өлкөнүн банктары ортосундагы кызматташууга жол ачты.
КРнын Экономика министри мурда сүйлөшүлгөн иштерди аткарууга убакыт келгенин белгилеп, өзбек тарапты тигүүчүлүк өнөр-жайына, айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү тармагына, медицинага, туризмге жана унаа чогултуу тармакка инвестицияларды салууга чакырды. Ошондой эле өзбек жана кыргыз ишкерлери ортосундагы тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, сооданы жандантуу бир топ пайдалуу болорун кошумчалады.
Кыргыз тарап делегация мүчөлөрүнө Өзбекстанга экологиялык жактан таза айыл-чарба өнүмдөрүн ташууга кызыкдар экенин билдиришти. Алар эт жана сүт азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, төө буурчак. Экономика министрлигинин фойесинде ата мекендик өнүмдөрдүн көргөзмөсү дагы уюштурулган. Анда адал өнүмдөр, бал, экологиялык алкоголсуз ичимдиктер, кыям, джем, кургатылган өрүктө, жаңгак, кыргыз төө буурчагынын 9 түрү коюлган.
Кыргыз өнүмдөрү химиялык жер семирткичтерди колдонулбай өстүрүлө турганы жана экологиялык жактан таза экени белгиленип, Өзбекстанга алары ташууга кыргыз бизнесмендери кызыкдар экени айтылган.
Ошондой эле 1 кг, 2,5 кг, 5 кг и 10 кг болгон Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн логотиби түшүрүлгөн таңгактар коноктордун көңүлүн бурду.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары 2017-жылдан тарта КРда жашылчаларды сактоого, сорттоого, жууп жана таңгактоого мүмкүнчүлүк түзгөн Голладиядан чыгарылган жабдуусу бар, эл аралык стандарттарга жооп берген логистикалык борбор иштей баштаганын белгилешти. Бул сактоочу жайда 3 миң тоннага жакын жашылча сактаса болот. Кыргызстан Өзбекстанга сертификатталган жашылчаларды жакшы баада сунуштап, анын сапатын жогорулатууга кызыкдар.
КРнын Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылы КРда 395 миң тонна эт, 1556 миң тонна сүт, 1417 миң тонна картошка, 1087 миң тонна жашылча, 241 миң тонна жемиш, 102 миң тонна буурчак өстүрүлгөн.
Өзбек тарапка кыргызстандык « SELA» ЖЧКсы Ташкентте дүкөн ачууга, «Кант сүт» ЖЧКсы кургак сүттү жана каймак майды экспорттоого, «Агропродукт Азия» ЖЧКсы картошка жана жемиш ташууга, «Корзинка» соода тармагы жашылча ташууга, «Алмалык Ком» ЖЧКсы көмүр ташууга, «Аквон» ЖЧКсы айнек заводу менен келишим түзүүгө, «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы коңшуларга айыл-чарба техникасын ташууга кызыкдар.
«Чуйуралтранссервис» ЖЧКсы болсо барит концентратын ташууга кызыкдар экенин билдиген. Бул концентрат Жумгал районунан казылып алынат, 2009–2015-жылдары Өзбекстанга ал концентраттан 13–18 миң тонна жеткирилген. Артем Новиков делегация мүчөлөрүнө «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы менен «Узмедкомбинат» АКсынын ортосунда келишим түзүүгө жардамдашуу сунушун берди. Учурда бул компаниялар арасында 2018-жылы келишим түзүү пландалууда, бирок «Узмедкомбинат» каражатты алдын ала төлөөнү сунуштоодо. Ал эми «Автомаш-Радиатор» заводу үчүн бул кыйынчылык туудурат.
Ошондой эле Новиков Өзбекстанга ташылган товарларга болгон акциздик салыктарды колдонуу маселесин кайра карап чыгууну сунуштады. Тилекке каршы, учурда ата мекендик бир катар товарлардан (минералдык суу, кондитердик азыктар ж.б.) 50–20% акциздик салык алынып, натыйжада Кыргызстандын товарлары атаандаштыкка туруштук бере албай калууда.
Кыргыз тарап жеңил өнөр-жай тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сунуш берди. «Технополис» долбоору ишке кирсе 10 миң жумушчу орун түзүлмөк.
Кыргыз ишканалары КРнын аймагында соода-логистикалык борборлорду куруу сунушун берип, ошондой эле иштебей турган 42 ишканада биргелешкен ишканаларды курууну сунушташты. Алардын арасынан 16сы кайра иштетүүчү ишкана, 9у курулуш материалдарын өндүрүүчү, төртөө кездеме-тигүү товарларын өндүрүүчү, төртөө тоо-металлургия тармагында иш алпаруучу, үчөө кагаз-картон чыгаруучу ишканалар. Аны менен катар эле Экономика министри Өзбекстандын жер семирткичтерин КРнын рыногунда эркин сатуу маселесин көтөрдү.
Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өзбек тарапка 2018-жылдын июль айында өтүүчү Ысык-Көл инвестфорумуна катышуу сунушу берилди.
Өзбекстандан келген делегация «ДТ Техник», «Биер энд Биер», «Аю» компанияларынын иши менен таанышты.
Бишкекке болгон иш-сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлду:
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда Кыргызстанда жана Өзбекстанда чыгарылган товарларды чет элдик рынокторго чыгаруу боюнча кызматташуу тууралуу Меморандум.
Кыргызстандын «Айыл Банкы» менен Өзбекстандын «Асакабанкы» өнөктөш болуу тууралуу Макулдашуу.
КРнын «РСК Банкы» менен Өзбекстандын Улуттук банкынын ортосунда кызматташуу тууралуу Макулдашуу.
«Айыл Банк» менен «Узагротехмаш Трейд» жана «АХТС-Уралец» ортосунда айыл-чарба техникасын ташуу тууралуу келишим.
Ирина Байрамукова