2017-жылдын 5-октябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес коомчулугунун, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Узэкспоцентр» көргөзмөсү ачылды.
Бул иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары алкагында өтүп жатат.
Ага Кыргызстандан туризм, жеңил өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана башка тармактардан барган 250 ишкана катышууда.
Ата мекендик экспоненттердин саны 90 компаниядан ашкан.
Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков сөз сүйлөп, эки өлкөнүн мамилеси жогорку жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн бекемдеди.
“Бүгүнкү иш-чара – бул биздин элдердин ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын башталышы гана. Эки өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык биз бул ишти улантабыз”,-деди министр.
2017-жылдын 6-октябрында бизнес-форум өтөт, анда көргөзмөдө жетишкен келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Финляндиянын өкмөтү тарабынан каржыланган ПРООНдун “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында бул көргөзмөгө ата мекендик бизнес өкүлдөрүнүн катышуусуна колдоо көрсөтүлгөн.