• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз-өзбек чек арасынын 85%ы такталды

osh-29

👁 1,584

6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы (Эки өлкөнүн Ош жана Андижан облустарынын ортосундагы) «Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү бекети расмий түрдө ачылды, анда миңдеген адамдар чогулду.

Көзөмөл өткөрүү бекетинен алыс эмес жерде кыргыз тарапта концерттик программа болуп, расмий өкүлдөр сөз сүйлөштү. Иш-чарада Кыргызстандын расмий делегациясын вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жетектесе, өзбек тараптан Андижан облусунун жетекчиси Шухратбек Абдурахманов башында турду.

Өз сөздөрүндө алар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келип натыйжада эки өлкөнүн президенттеринин макулдашуусуна ылайык, эки республиканын чек арасы ачылганын белгилешти.

“телеграмма деген эми унутулат”,-деди Дүйшөнбек Зилалиев. Шухратбек Абдурахманов болсо: “Жакынкы күндөрү чек арадан тоскоолдуксуз өтө аласыңар, бары ачык болот”-деди.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги Андижан-Ош-Кашкар жолун ачууну пландап жатышканын Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов билдирди.

Эл алдында сөз сүйлөп жатып аткаминер кубанычын жашырган жок жана 20 жылдан бери Бишкекке биринчи жолу Оштон Бишкекке учак менен келип кеткенин белгиледи.

“20 жылдан бери биринчи жолу! Жакынкы күндөрү«Достук» көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу паспортуңарды гана көрсөтүп өтө аласыңар. Телеграмма деген жоюлат жана башка докмуенттердин кереги жок. Биздин максат – карапайым жарандар бири-бирине конокко оңой барып, бири-бири менен тоскоолдуктарсыз көрүшүүсүнө шар түзүү”,-деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов 2017-жылдын 5–6-сентябрь күндөрү кыргы-өзбек мамилесинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калаарын билдирди.

“«Достук» көзөмөл өткөрүү бекети өзүнүн аталышына төп келип турат”,-деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 5–6 сентябрында Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик визит менен келип кетти. Анын алкагында эки өлкөнүн президенттери тарабынан бир катар документтерге кол коюлган. Анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишим. Ага ылайык, жалпы чек аранын 85%ы такталды.

«Достук» көзөмөл өткөрүү бекетинин ачылышы эки өлкөнүн чектеш аймактарындагы соода байланыш мамилелерин жакшыртат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости