• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак» бекети кайрадан иштей баштады

251

👁 1,137

Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек ара бекети эки тараптуу толук иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 19-сентябрда кыргыз жана өзбек тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда «Баймак» чек ара бекети толук ачылып, иштей баштады.

Буга чейин 16-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык чек ара бекети кыргыз тараптан ачылганы менен өзбек жак техникалык оңдоого байланышуу убактылуу жаап турууну суранган.

Эске сала кетсек, 5–6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

6-сентябрда Оштогу «Достук» бекетинде чектөөнүн алынышы салтанаттуу белгиленген. Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, 4 темир жол. Дээрлик баарында Кыргызстандагы 2010-жылдагы апрелдик ыңкылаптан кийин өтүү татаалдаган. Өзбек өкмөтү кыргызстандыктарга өлкөгө чакыруу же телеграмма менен гана кирүүгө уруксат берген.

Эми чек ара аймактарында жашаган тургундар коңшу өлкөгө баруу менен соода байланыштарын дагы чыңдашса болот. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жер-жемиштер эрте бышып, соода кылууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

“Достук” чек ара бекети аркылуу Ош облусунда дагы соода-экономикалык мамилелер жандуу болуп келген.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости