2–8-май күндөрү Жалал-Абадда Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттүк жумушчу тобу өзбек-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын ММКлары жазып чыгышты.
Өзбекстандын ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттер аралык чек араны тактоо тууралуу иштер уланды.