“Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин тактоо “жөнөкөйдөн татаалга” принциби боюнча улантылып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушканда билдирди. Ал чек араларды тактоо иши активдүү уланаарын кошумчалады.
Ошондой эле, жыл соңуна чейин товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максатын коюлганын, буга байланыштуу чектеш сооданы өнүктүрүү керектигине токтолду.
Өзбекстандын премьер министри Абдулла Арипов эки өлкө ортосунда өнүгүп жаткан мамилелерди эки мамлекет башчысы негиз салган жаңы баскыч катары атаса болорун айтты.
Мындан тышкары, өзбек ишканалары өз продукциясын Кыргызстан аймагына экспорттоого жана кыргыз продукциясын Өзбекстан рыногунда көрүүгө даяр экендигин кошумчалады.