Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Түркия Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн ортосунда Саламаттык сактоо жана медицина тармактарындагы кызматташтыкка тиешелүү келишимди жактырды.
Келишимге ылайык, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ачылышы, анын бирдиктүү иштелиши жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши, кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык адистиктер боюнча билим алуусу боюнча чаралар камтылган.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.
«Ошону менен бирге, түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Ошондой эле, 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат», — дейт ал.
Андан тышкары, түрк тарап эмгек акы төлөө үчүн 19 млн доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми арткан акча оорукананын эсебинде кала берет. Жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш.
Тармактык комитеттин мүчөлөрү тарабынан келишимде бир катар түшүнүксүз нерселер бар экени белгиленип, аны бул маселе парламентте каралганга чейин тактап келүү тапшырмасы берилди.