• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз спортуна каражат керек

????????????????????????????????????

👁 2,088

Кыргызстандагы дене тарбия жана спорт тармагы түптөлгөндүгүнө 90 жылдан ашты. Андан бери бир катар спортчулардын мууну тарбияланып өсүп чыкты. Бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарына катышып, медалдарга ээ болгондору да бар. Деген менен кыргыз спортчулары каражаттын тартыштыгынан кыйналып келишет. Анын айынан тажрыйбалуу машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип, спортчулар акчанын жоктугунан эл аралык мелдештерге барбай калган учурлар болуп келгенин адистер айтышат.

Жакында эле парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова спорт тармагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндама жасап, ошону менен бирге кемчиликтерди атады. Анын билдиргенине караганда айрыкча мектептердеги спорт залдарынын абалы жакшы эмес.

Балдар менен жаштарды сергек жашоого тарбиялоо, спортко тартуу, мектептерди заманбап спорт залдары менен камсыз кылуу жаатында кыйынчылыктар арбын. Айрыкча, мектептердеги абал анчалык эмес. Мисалы, өлкө аймагында дене-тарбия сабагы боюнча мугалимдер жетишсиз. Ушу тапта 125 мектепте бош орун бар.

Ал эми Жаштар, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов өз баяндамасында спорт тармагында эң маанилүү ролду ойногон машыктыруучулардын маяна маселесин көтөрдү. Анын айтуусунда азыркы тапта машыктыруучулардын айлыгы өтө төмөн. Ал өкмөттүн «Спорттук Кыргызстан» деген программасынын алкагында 2019-жылы машыктыруучулардын айлыгын 50 пайызга көтөрүү сунушун айтып, ага бюджеттен 103 млн сом бөлүнүүсү керектигин билдирди.

“Машыктыруучулардын маянасы сегиз миңден төрт миң сомго чейин. Спорттук массалык иш-чаралардын катышуучулардын тамак-ашынын акчалай ченемин көтөрүү керек. Бүгүнкү күндө спортчулардын ички спорт мелдештерге катышкандардын командировкасы 109 сом. Бул каражат өтө аз. Андан тышкары, спортчуларыбызды даярдоо жана мелдештик тажрыйба менен камсыздоо чыгымдарын да көбөйтүү зарыл. Биздин агенттиктин өткөн жылкы бюджетти 526 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 100 млн сомго аз болду”.

Өз кезегенде эл өкүлдөрү Кыргызстандын спортундагы абалына кызыгып бир катар суроолорун берди. Депутат Рыскелди Момбеков каражаттын аз бөлүнүүсүнө спорт агенттигин күнөөлөйт. Анткени бюджет каралып жатканда спортко дагы акча керектиги боюнча жетекчилер сунуш кылган эмес.

“Мен жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиктин маалыматына анчалык канааттана бербедим. Отчетто адегенде спорт тармагында орун алган көйгөйлүү маселелер, аларды жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар, андагы жетишилген ийгиликтер тууралуу сөз кылынышы керек. Силер болсо, балдарга канча топ таркатылганын жазыптырсыӊар. Ушундай отчет менен уялбай кантип келдиӊер? Калктын 29 пайызын жаштар түзөт, аларды спортко тартууга 11 млн сом жумшаптырсыӊар, анан кайдан өсүш болот? Унчукпай отура бербей, бюджет каралып жатканда, өз позицияӊарга бекем туруп, каражатты көбөйтпөйсүӊөрбү!”.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Карамат Орозова өлкөнүн айрым райондорунда машыктыруучулар жетишпей турганын айтып, аларды бөлүштүрүү аймактардын калкынын санына жараша жүргүзүлүшү керектигин айтты. Мындан сырткары, депутат тиешелүү мыйзам долбооруна ылайык, спортчуларды колдоого, аларды эл аралык мелдештерде каржылаган фонд түзүүгө боло турганын билдирди.

“2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна барып, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларына «Газпромдун» каржылоосу менен эки спорт комплекси курула турганын убадалаган. Кызыл-Кыяда курулду, Баткен шаарында качан курулат?”, - деди эл өкүлү.

Депутат Кожобек Рыспаев Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пансионатында олимпиадалык базаны куруу үчүн канча каражат кайдан жумшалат деген собол салды. Буга Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы Шаршенбек Абдыкеримовдун айтымында, чет өлкөлүк инвесторлор олимпиадалык базанын курулушуна 30 млн долларга чейин каражат жумшоого даяр экенин билдирди.

“Инвесторлор олимпиадалык базанын курулушуна 30 млн доллар каражат жумшоого даяр. Жакында Азия олимпиадалык комитетинин башчысы келип, олимпиадалык база жайгашкан жердеги абал жана анын долбоору менен таанышкан соӊ, аны ишке ашырууга 5 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө макул болду”.

Жогоруда айтылган сын жана каражат тартыштыгына карабастан, спорт тармагында алгылыктуу жумуштар жасалып жатканын айткандар да болду. Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров акыркы учурларда кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатканын белгиледи. Ал олимпиададагы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө канча каражат бөлүнүп жатканына кызыкты.

Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарын өткөрүүгө күчөтүлгөн даярдыкты көрүүсү керек. Биздин спортчулар олимпиада оюндарында да Кыргызстандын намысын татыктуу коргошот деген ишеним чоң”.

Жаштар, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов агенттиктин жалпы бюджети 790 млн. сом экенин, эгерде жаштар саясатын өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, улуттук оюндарга сарпталган каражатты эсепке албаганда, спорттун олимпиада түрлөрүн өнүктүрүүгө 85 млн. сом каларын айтты. Алардын ичинде айлык маяналар, соцфондго, телефонго, жылуулукка кетет. 56 млн сом РУОР окуу жайына каралат. Балдардын жашаганына, тамак ашына кетет. 250 млн сомдун тегереги болсо аймактарга жана жалпы спортчулардын машыгуусуна жана Эл аралык мелдештерге катышканга, дары-дармегине кетет.

Төрөбай Зулпукаров 2020-жылдагы олимпиада оюндарын өткөрүүгө күчөтүлгөн даярдыкты көрүүгө чакырып өттү. Мындан тышкары, кыргыз спорт тармагынын өнүгүүсүнө дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү иш-чарасы да өзгөчө салым кошуп келе жатканы айтылды. Ага ылайык, быйыл үчүнчү ирет өткөрүлө турган көчмөндөр оюндарына бюджеттен 128 млн сом каралган.

Адистер Кыргызстанда спорттун 5–6 түрү приоритеттүү деп каралганын айтышат. Алардын катарына, күрөш, бокс, оор атлетика, дзюдо ж.б. Анын ичинен күрөш Кыргызстанда спорттун алдыңкы түрлөрүнүн бири, мамлекет тарабынан да жакшы каражат бөлүнөт. Мамагенттиктин жетекчиси Аманкуловдун айтымында, өлкөдө күрөш спорттун алдыңкы түрлөрүнүн бири.

Бирок ошол эле учурда кыргыз спортунда да коррупциялык схемалар табылганы өкүнүчтүү. Спортчуларга толук каражат жумшалбай, орто жолдо жеке кызыкчылыгын ойлогон шылуундар кымырып калууда. Эске сала кетсек, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Дирекциясына медициналык препараттарын жогору баада сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда 2015-жылдын августтунда Дирекциянын кызматкерлери мыйзам бузууга барып, «Елеу» ЖЧКсы менен 8 млн. 273,1 миң сомдук медициналык препараттарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Саламаттык сактоо министрилигине караштуу Дары менен камсыздоо департаменттинин айтымында сатып алынган препараттардын баасы 1 млн. 567,9 миң сомго жогорулутулган. Ошентип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Адистер мамлекет берген акчаны үнөмдүү колдогонду үйрөнсө каражат кенен жетерин белгилешет. Ошондой эле спорт түрлөрү боюнча ар бир федерациянын жетекчиси өзү дагы салым кошуш керек. Көбүнчө федерациялардын жетекчилеринин аты бар, бирок спортко инвестиция алып келгенден алыс. Андыктан каражат алып келүүгө аракет болсо кыргыз спорту каражат жагынан аксамак эмес.

И. Жамалбеков

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости