• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз сомуна чейрек кылым: кыска убакыттагы узак тарых

11

👁 2,908

Мурдагы пост советтик өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп улуттук валютасын кабыл алган Кыргызстандын акча бирдиги – сомго 25 жыл толду. Чейрек кылымдык тарыхты басып өткөн сомдун урматына арналган мааракелик эл аралык маанидеги иш-чара уюштурулуп, ага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий жетекчилер, өлкөдөгү каржы мекелеринин жетекчилери, Швейцариянын улуттук банкынын төрагасы Т.Йордан, эл аралык валюта фондунун өкүлү Т.Чжан, Россиянын улуттук банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү С.М. Игнатьева баштаган чет элдик коноктор келишти.

25 жыл ичинде улуттук валюта бардык сыноолорго туруштук бергенин белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков сом инфляцияга туруштук берип, анын кунунун түшүп кетишине жол бербегенин белгиледи.

“Сомдун улуттук валюта катары кабыл алынышы өз мезгилинде туура кадам болгон. Чарбалык айрылыштар болгон учурда, гипер инфляция шартында кирди. 25 жылда оор жолду басып өттү, татаал сыноого, анын ичинде глобалдык кризиске туруштук берди. Пост советтик мейкиндикте туруктуу акча болуп алды. Мамлекетибиздин туруктуулугун көрсөткөн биринчи белги болуп калды. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө банк системасынын орду чоң. Акча кредиттик саясат экономкалык кырдаалды эске алып иш алып барышы керек. Калктын реалдуу кирешесин камсыз кылуу менен жаңы финансылык каражаттарды киргизип, элет жерлеринде банкты жайылтуу керек. Атаандаштыкка туруштук бере турган долбоорлорду колдоого алуу зарыл. Коркунучтарга да көңүл буру керек. Сүрөтчү, тарыхчы, дизайнерлерге ыраазычылык билдирем. Сомдун мындан ары туруктуулугуна күчүбүздү жумшообуз керек”,-деди мамлекет башчысы.

Мааракелик иш-чарага конок катары келген Швейцариянын улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан акча-кредит саясатында, дегеле валюта рыногунда өздөрүнүн болгон тажрыйба, билими менен бөлүүгө даяр экенин билдирди.

“Кыргызстандын тарыхында сомдун киргизилиши эң маанилүү окуя болду. Эгемендикке жеткен өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өз валютасын киргизди. Кыргызстандын кызыкчылыгынын негизинде акча жана кредит саясатын жүргүзүү болчу. Ошол эле учурда улуттук иденттүүлүктүн белгиси болду. Сомдун келечеги кандай болот деп карап тургандар болду. Ага карабай туруктуу иш алып барып жатты. Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы карым-катнашты бекемдеп, эки өлкөнүн ортосунда шериктештикте ишке ашып жатат. Болгон тажрыйба, билимди берүүгө даярбыз”,-деди Йордан.

Ошол кезде эки жолдун бирин тандап алуу керек болду деп эскерет Россиянын борбордун банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү С.М.Игнатьев.

“Биринчиси – СССРдин курамындагы өлкөлөр тыгыз кызматташып жаңы валютаны киргизүү болчу. Кызыгуу өтө жогору болду. Тилекке каршы жалпы келишимге келе албай койду. Эсимде, 1990-жылы январда СССРдеги банктар бир мунасага келе албай койду. Абал анчалык жакшы эмес болчу. Башка өлкөдөн келген рублдерден агымын токтотуу кыйын болду. Аракеттер жардам берген жок. Чектөөлөрдү киргизүүгө, техникалык кредиттерди берүү чечими кабыл алынды. Экономикалык абал начарлай баштады. Акчаны пайдалануу физикалык түрдө мүмкүн болбой калды. Акчаны басып чыгаруу жай болуп калды. Ошондо өлкөлөр өздөрүнүн улуттук валютасын киргизе баштады. Кыргызстан биринчилерден болуп өз акчасын киргизип, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болду. Бир гана экономикалык жактан эмес, көз карандысыздыктын да белгиси болду”,-деп эскерди Игнатьев.

Сомдун жаралуу тарыхы кандай болду эле?

Түпкүлүгүндө 1993-жылы 3-май күнү өлкөнүн ошол кездеги Жогорку Кеңешинин депутаттары сомду киргизүү үчүн гана добуш беришкен. Акча бирдиги туура бир аптадан кийин, тагыраагы 10-майда, дүйшөмбүдө таңкы саат төрттө жүгүртүүгө чыгарылган. Беш күн ичинде рублди сомго алмаштыруу керек болчу. Жалпысы болуп 14 млрд. рубль алынган. Ошентип 14-май рублдин Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүшүнүн акыркы күнү болду. Расмий белгиленген алмаштыруу курсу 1 сомго 200 рубль эле.

Эксперттер сом ички рынокто эле иштетилиши керек болчу дешкен. Алар сомдун өтө шашылыш кабыл алынганын сындап, оорчулуктарды жаратат деп болжошкон. Сом алыскы райондорго убагында жетпестигин, алмаштыруу жайларынын системасы түзүлбөстүгүн, мындан улам рублди сомго алмаштыруу жолго коюлбастыгын айтышкан. Бирок алар ойлогондой болбоду. Сом бардык каржылык кыйынчылыктарга моюн бербестен 25 жыл ичинде эң ишенимдүү жана туруктуу болду.

Сомдун кунунун оош-кыйыштары

Сомду киргизип жаткандагы курс 4 сом=1 доллар болгон. Бир айдан кийин 8:1ди түзүп калды. Курс 11:1 тегерегинде кармалган учурдан туура эки жылдан кийин 1996-жылдын аягында сомдун куну түшүп, 17:1 болгон.. 1998-жылдын аягында, кийин 1999-жылдын ортосунда сом кыйроого учурап, 29:1 жана 47:1 болду. Ошол эле учурда сомдун көкөлөгөн учурлары да болду. 2000-жылдын аягында 1 доллар 50 сомго жеткен. Бара-бара доллар арзандап отуруп, 2008-жылдын мартында 1 доллар 36,5 сомго чейин түштү. Азыр курс 68,9 сомду түзөт.

Банкноттор

Кыргыз сомунун банкноттору 4 жолу өркүндөтүлүп, учурда 1, 2, 3 жана 4-сериядагы банкноттор жүгүртүлүп жатат. 2017-жылы дизайны алда канча өркүндөтүлгөн 4 сериянын банкноттору жүгүртүүгө чыккан.

Сом тууралуу сегиз чындык

Кыргыз сому 7 номиналда купюра, 5 номинал металл тыйындардан турат.

2017-жылы сомдун эн белгиси бекитилген. С тамгасынын алдындагы сызык – өлкө тарыхында сомдун киргизилиши маанилүү сызык болуп калганы менен түшүндүрүлөт.

Улуттук валютанын банкноталарында 30дан ашык коргоо элементтери бар.

Металл тыйындар Казакстандын тыйын сарайында чыгарылса, акчаны болсо Франция, Улуу Британия жана Мальтада басып чыгарышат.

Кыргызстандын акчалары күн желенин бардык түсүнө боелгон.

Сом 100 пайыз пахта буласынан жасалып, аны 5 миң жолу бүктөөгө туруштук берет.

Улуттук банк тарабынан жыл сайын 35–40 тоннага жакын айрылган, эскилиги жеткен акчалар жок кылынып, андан картон чыгарылат.

Адам колуна 5 миң сомду кармап турганын көргөндөн сырткары колу менен да кармап анын 5 миң сом экенин сезсе болот.

Чейрек кылым ичинде кыргыз сому ишенимдүү коргоо белгилерине, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ болуп, башка валюталар менен таасирдүү атаандашып, эл аралык деңгээлдеги абройго жетти. 

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости