Анын айтымында, 1993-жылдан бери төрт сериядагы банкноттор чыккан. 1993-жылдагы банкноттор өтө чукул жана минималдуу аз чыгым менен 1,10,50 тыйын жана 1,5,20 сом чыгарылган.
1994-жылдан баштап II сериядагы 1,5,10,20,50 жана 100 сомдук банкноттор колдонууга берилген.
1997–2002-жылга чейин экинчи чыгарылыштагы банкноттор III сериядагы банкнотторго алмаштырылган.
2009-жылы 5 миң номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгып, 20,50, 100, 200, 500 жана 1000 сом номиналдары жаңыртылган.
Кошумчалай кетсек, сомдун тарыхында жалпы 69 коллекциялык монета чыгарылган.