• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз шоколады кыйырды кыдырат

4-str

👁 4,420

Жакынкы күндөрү мамлекетибиздин бардык маркеттеринде 
«Кыргызстан» аталышындагы бренддик шоколаддар чыгат.

Эми биз дагы чет элдик досторубузга өзгөчө шоколаддарыбыз менен мактанып, сыймыктануу менен белекке бере  алабыз.

Бул бренддик шоколадды «Кыргыз шоколады» компаниясы чыгарууда. Биздин редакция аталган компаниянын директору Музарбек Жолошев менен маек курду.

–Шоколад чыгаруу идеясы кантип пайда болду эле? 

–Бул идея бир жолугушууда пайда болду. Финляндияга кыргыздардан турган биздин делегация, казактар жана башка мамлекеттерден адамдар келишкен эле. Кыргызстандын атынан эмне алып келебиз деп шырдак жана «Кыргызстан» деген коньякты алдык, столго коньяк менен шырдакты чыгардык, калпактарды кийгиздик. Коньякты күндүзү эч ким ичпейт же жегенге эч нерсе жок. Казактар болсо шоколаддарын чыгарышты. Баардыгыбыз шоколад жеп баштадык. Чет элдиктердин баары «Оо шоколадыңар сонун экен» дешип казактарды макташты. Биздин коньякты эч ким караган жок. Ошондо ой кетти, эмнеге биздин, кыргыздын шоколады жок деп. Байкасак Кыргызстанда баардыгы эле чет элдик өндүрүүчүлөрдүн шоколаддары экен. Буга чейин командабыздагылардын эч кимиси өндүрүүчүлүк менен алектенишкен эмес. Өзүм инженермин, Америкада робот, спутниктер менен иштечүмүн. Биздин балдар да баардыгы программист. Биз чыгарсак эмнеге болбосун деп кыргыз шоколадын чыгарууну чечтик.

Биринчи баштаганда дизайндан баштадык. Башында өзүбүз жасап көрдүк, бирок окшошпой калды. Андан кийин Кыргызстандагы мен-мен деген компанияларга бердик. Көп дизайн жасалды бирок бирөөсү да жакан жок. Анан бир презентацияда бир бизнес-леди менен таанышып калып, ал жакшы бир дизайнердин номерин берди. Барсам кыргыздар экен. Атасы кыргызча картиналардын түрүн тарткан, топурактан мунаралардын түрүн жасаган сүрөтчү экен. Аларга дизайн боюнча кайрылдым. Алар жасап башташты. Ар бир деталь, майда-чүйдөсүнө чейин көӊүл бурдук. Ичиндеги плитканын да дизайнын кандай кылабыз деп ойлондук. Мен боз үйдүн элесин түшүргүм келди. Анткени өзүм Америкада көп жыл жашап, ал жактагы кыргыздар баарыбыз боз үйдү абдан сагынчубуз. Биздин бир досубуз азыр Google компаниясында иштейт, боз үйдү коюп койгон. Ичине кирип дем күч алып туруу үчүн. Ошондуктан плитканын формасы боз үйдөй болду. Анан ошол форманы каяктан жасатарыбызды билбей көп издедик. Россияга орустарга жаздык, эч ким билбейт. Кокустан түрктөр менен таанышып калдык, алар биз билебиз дешкенинен Турциядан буйрутма кылмай болдук. Бирок алардын сертификаты жок болуп чыкты. Аны да билбептирбиз. Кайра сертификаты барларды таап буйрутма кылдык.

Кыргызстанда өнөктөштөр бар болчу, алар шоколадын кылып беребиз деп баштайын дегенде, бул шоколад эмес шекерлүү таттуу плитка деп айтып жатышпайбы. Курамы эмне десек алардыкы пальма майы жана башкалар кошулган нак шоколад эмес экен . Анан билбейбиз эмне кылышты, маанай жок, акчанын баарын кетирип койгонбуз. Ойлонуп баардыгын өзүбүз ачалы дедик. Документтердин баардыгын таштап, күнү-түнү отуруп изилдөө кылдык. Стандарттардын баардыгын, өндүрүш, жабдуулардын кандай болушу керек экенин изилдеп Бельгия, Россия, Италиядан буйрутма кылдык. Интернеттен ингредиенттерди кайдан алууну издеп баштадык. Швейцарияныкын, француздардыкын карап көрдүк, анан Бельгиянын бир компаниясын таап, алардын ингредиенттерин алдык. Ошонун баарын алып келгенде кымбат болуп калды. Биздин элдер кымбатты алабы же албайбы деп сарсанаа боло баштадым. Ар кимден сурамжылап отуруп аягына чейин барууну чечтик. Шоколадды да жасаш оор экен, жумуштан кийин кечинде да анын үстүнөн иштеп жаттык.

shokolad1-1

-Алдыдагы пландарыӊыз кандай?

–Цехте жумушчуларыбыз дагы ар улуттан. Технолог орус бала, өзбек, тажик улутундагылар бар, анан кыргыздар. Жарнамаларда биз кыргыз деп эмес кыргызстандык деп айтып жатабыз. Анткени биздин шоколадыбыз Кыргызстанда жашаган бардык улутту бириктирсин. Дүйнө жүзү билсин Кыргызстанда ушундай даамы өзгөчө шоколад чыгат экенин. Ошон үчүн кымбат болсо да эӊ жакшы ингредиенттерди алдык. Анткени Кыргызстандын авторитети чыгат. «Кыргызстан» деп атын алган соӊ татыктуу болуш керекпиз. «Кыргыз шоколады» деген фабрикабыз азырынча кичинекей. Башында тандоо болгон сүттүү шоколад же кара шоколад чыгарабызбы деген. Акырында кара шоколадга токтолдук. Анткени биздин элдердин көбү, улуу муун, чет өлкөлүктөр көбүнчө кара шоколады жешет. Кийинчерээк сүттүү жана курут менен чыгарганы жатабыз. Ал үчүн патент алуу керек экен, документтерибизди тапшырып койдук. Курут кошулган шоколадды эл аралык «вкусовой» конкурстарга алып баралы деп жатабыз. Анткени курут Кыргызстанда чыгат да, эч кимде жок, эч ким курут менен шоколад жеп көрө элек.

Планда жаӊы цех куруу. Азыр ижарага гана алганбыз. Жаӊы цех куруп шоколаддын линияларын чыгарып баштайбыз. Печеньелер, Америка торттору жана башкаларды. Андан сырткары фирмалык дүкөн ачсакпы деген пландарыбыз бар. Шоколады даамдап көргөндө бат эле билинет экен. Жегенде кандайдыр бир деӊгээлде ачуулук даамдалышы керек. Чыныгы гурмандар муну билишет. Биздин шоколадда кошумча кошулмалар жок. Эӊ негизги керектүүлөр гана бар. Арзанына качырган жокпуз. Сырткы, ички кагаздарынын баардыгы буйрутма менен жасалган кымбат кагаздар.

Компаниябызды эмнеге майда-чүйдөсүнө чейин ойлондук, анткени Финляндияда алардын бизнестери, элдери менен тааныштым. Алардын элдеринин саны биздей эле экен, биздикиндей эле аларда да нефть жок, алар дагы Россиянын курамында болчу, бирок алардын экономикасы жакшы. Финдер айтат, биз билим берүүгө жана сапатка көӊүл бурабыз деп. Бир нерсени кылса алар эӊ мыкты болуусуна аракет кылышат экен. Мисалы, карандашты жасашса ал эӊ мыкты карандаш болуп чыгышы шарт дешет. Алардын принциби ушундай экен. Ошон үчүн биздин компаниянын принциби да финдердикиндей болду.

-Өзүӊүз тууралуу айта кетсеӊиз?

–Мен мектепти Бишкек шаарынан бүтүп, 16 жашымда Америкага кеткем. Ал жакта инженер машиностроенияда окудум. Кызыл диплом менен бүттүм. Кесибим робот, спутник, ракеталар. Көп компанияларда иштедим. Анын бири NASA. Ал жакта айга спутникти жөнөткөнбүз. Кыргызстанга эки жумага эс алууга келип бул жакта калып калдым. Бизнес жана социалдык иштер менен алектенип жатам. Ошондой эле Политехте инженерный класстарга сабак берем.

Айзада Кыдырмышева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости