• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Секретариатына кайрылды

granitsa-pogranichniki-5

👁 597

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Секретариатына (ДСУ) кайрылды, анда казак тараптан көп тараптуу соода тутумунун негизги ченемдери жана прициптери, ыңгайлуу шарт түзүү жана улуттук режим бузулуп жатканы белгиленген.

Кайрылууда Казакстан Республикасы 2017-жылдын 10-октябрынан тартып күтүлбөгөн жерден бир тараптуу негизде чек арадан жүктөрдүн жана жеке жактардын чек арадан өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканы айтылат. Мындай аракеттердин себеби тууралуу Казакстан Республикасы тараптан алдын ала расмий билдирүү болбогону Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) көп тараптуу эрежесин бузуу болуп саналаары белгиленген.

Маалымдама:

Казакстан Республикасы 2015-жылдын 30-ноябрынан тартып Дүйнөлүк соода уюмунун толук укуктуу мүчөсү. Казакстан ДСУ башка мүчө-мамлекеттери сыяктуу Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында кабыл алынган негизги принциптерди жана милдеттенмелерди сактоого тийиш.

Белгилей кетсек, ДСУ мүчөлүк баардык мүчө-мамлекеттердин ДСУ эрежелерин аткарууну милдеттендирет жана ДСУ башка мүчөлөрүнүн кызыкчылыгына зыян келтиген чектөө чараларын киргизбеши керек.

Кыйла ыңгайлуу режим түзүү, ДСУ мүчө-мамлекеттери товар дүйнөнүн кайсыл өлкөсүндө өндүрүлгөнүнө карабастан токтоосуз жана сөзсүз түрдө ДСУ мүчө-мамлекеттеринен импорттолгон товарларга ыңгайлуу, жагымдуу жана артыкчылык режимин жаратуу дегенди түшүндүрөт.

Улуттук режим принциби – ички жөнгө салуу чаралары болгон ички салыктар, сатуу эрежелери ж.б.у.с. чаралар аркылуу ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды (кызматтарды, капиталды) ички рынокто жүгүртүү үчүн бирдей шарттарды түзүп берүү.

Транзит эркиндиги, бул транзитке байланышкан баардык жыйымдар, эрежелер жана формалдуулукка карата Дүйнөлүк соода уюмунун ар бир мүчө-мамлекети үчүнчү өлкөгө ташыла турган жана үчүнчү өлкөдөн келген баардык товарларга башка мамлекеттердин аймагына ташып жеткирүүдө транзитке ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө тийиш экенин түшүндүрөт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости