Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан кредит ала албай көпчүлүк ишкерлер нааразычылыгын билдирип келет. Аталган фонддон кредит алуу жолдору, алып барып жаткан иштери тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун коомчулук менен иштөө кызматынын адистери жооп узатышты.
Перспективдүү долбоорлор болсо, банктар ал кардарды талашып таймашышат
Азыркы учурда Фонд тарабынан 753 долбоор жактырылган. Ушул сан өзү эле, Фонддун каржылоосу кээ бир ишкерлерге гана жеткиликтүү деп айтууга болбой тургандыгын кеп кылат. 753 долбоордун ичинен болгон 28 долбоор гана ири болуп саналат, ал эми 725 долбоор – бул Чакан орто бизнес долбоорлору. Алар каржылоону коммерциялык банктар аркылуу алгандар.
725 долбоор кредиттерди берүү боюнча, чечимдерди өз алдынча кабыл алыша турган банктар аркылуу, каржыланышкан. Фонд аларга ресурстарды берет, каржылоо эрежелери боюнча багыт берет. Эрежелер, ийгиликтүү кредиттик тарыхы бар чакан жана орто ишканалар каржыланууга тийиш деп белгилейт. Насыялар негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө гана колдонулган болушу керек, башкача айтканда, Фонддун каражаттарынын эсебинен айланма каражаттар каржыланбайт.
Башкача айтканда, эгерде чындыгында жакшы, перспективдүү долбоор бар болсо, ал туруктуу ишкана тараптан демилгеленген болсо, анда банктар өздөрү ушундай долбоорлорду издешет жана бири бири менен ушул кардарды алуу үчүн таймашышат.
Кредит алууну каалаган ишкерлердин саны чектелген эмес
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна айрым суроолорубузду узаттык.
–Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан кредит алуу өтө оор экенин ишкерлер ар убак айтып келет. Кредит алуунун шарттары кандай? Канча суммада берилет?
Бул долбоорлордун каржылоосу эки багыт боюнча ишке ашырылат: биринчиси – бул кредиттин суммасы 1 миллион доллардан ашык болгон ири долбоорлорду каржылоо (түздөн-түз Фонд аркылуу), экинчи багыты – 1 миллион долларга чейинки чакан жана орто бизнести (ЧОБ) колдоо (коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу). Бүгүнкү күндө Фонддо 13 банк-өнөктөш бар – бул Кыргызстандын туруктуу финансылык абалга ээ болгон жана Фонддун талаптарына шайкеш келе турган негизги банктары. Алар биздин ЧОБду колдоого алуу программабызды ишке ашырышат.
Ошондой эле, уставдык капиталдын эсебинен каржылоодон тышкары, Фонд эл аралык финансы интституттарынан каражат тартып алуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат. Азыркы убакытта Россия Экспорттук Банкы, Чех Экспорт Банкы, Түрк Экспорт Банкы, Венгрия Экспорт Банкы, Австриялык Көзөмөлдөө Банкы менен меморандумдарга кол коюлган. Келишимдин маңызы бул чет мамлекеттен чыккан жабдуулар жана техникалар биздин ишкерлерге, РКӨФ тун кепилдиги алдында каржыланат.
–Кредит берүүнүн жолдору женилдетилбейби?
–Кредит берүүнүн жолдору 2016-жылда март айында жеңилдеген. Кредиттин пайызы 7%тен 4%ке чейин азайтылган (түздөн түз Фонд аркылуу боюнча каржылоо).
– Сиздердин фонддон кредит алгандар кандай иштерге жумшашат?
Кредиттик продукттар түзүмүндө, Фонддун кепилдиги алдында жүгүртүү капиталын коммерциялык банктардын каражаттарынын эсебинен каржылоо сыяктуу программалар киришти. Ошонусу менен биздин жергиликтүү банктарга ири долбоорлорду каржылоого катышуу мүмкүнчүлүк беребиз. Фонддун кепилдиги ушул долбоорлор үчүн төмөнүрөөк болгон пайыздык ченди камсыздап турат. Бул учурда каржылоону алып жаткан ишкана дагы, жана өз ресурстарын реалдуу секторду кредиттөөгө колдонуу мүмкүнчүлүгү бар болгон банк дагы утуп алат.
– Бир жылда канча ишкердин сиздердин фонддон кредит алууга мүмкүнчүлүктөрү бар?
–Кредит алууну каалаган ишкерлердин саны чектелген эмес.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА