Фонддон билдиришкендей, каражатты “Жеткиликтүү турак-жай 2015−2020” мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында көп кабаттуу үйлөрдү куруучу курулуш компаниялары ала алышат. Аталган программаны КРнын Өкмөтү 05.08.2015-жылы №560-токтому менен бекиткен.
Жеңилдик менен алынган каражаттарды атайын техниканы, жабдууну жаңыртууга жумшаса болот. Ошондой эле Фонд курулуш компанияларынын капиталын каржылоо үчүн башка каржылык институттардан каражат тартууда.
Фонддон жеңилдетилген каражатты Фонддун өзүнөн жана 13 өнөктөш банктардан алса болот: «Айыл Банк», «РСК банк», KICB, «Халык Банк», «Кыргызстан коммерциялык банкы», «Азия банкы», «Компаньон», «БТА Банк», «Капитал Банк», «Бакай Банк», «Оптима Банк», DemirBank жана «Кыргызкоммерцбанк».