Чакан ишкерлерге насыялар төмөнкүдөй шарттарда берилет:
–насыянын суммасы 500 миң сомдон ашпоосу керек;
–насыя берүү мөөнөтү 24 ай, жеңилдетилген мөөнөт – 6 ай. Насыя улуттук валютада берилет жана аны төлөө ай сайын бирдей суммада болот, пайыздык чени 14%дан ашпайт;
- финансылык уюмдар насыяны өз эрежелерине ылайык күрөөгө жана күрөөсү жок бере алышат жана ишкерлерден кошумча комиссия алганга укуктары жок. Ошондой эле насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөөдө кошумча каражат алышпайт.
Ошондой эле насыялар төмөнкү тармактарда ишкерлик жүргүзүү үчүң берилет: Агроөнөр-жай комплекси:
–мал сатып алууга (тиешелүү сертификаты болсо), айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү (даярдоо, сактоо, жана жашылча-жемиштерди сактоого байланышкан долбоорлор);
- белгилүү бир кайра иштетүүчү ишканага келишим аркылуу ташуу үчүн айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- жеңил өнөр-жай: тигүүчүлүк;
- кайра иштетүү өнөр-жайы жана айылдарда, аймактарда экономикалык ишкерликти жүргүзгөн, ата мекендик чийки заттарды кайра иштетүүгө байланышкан ишканалар;
- Ата мекендик өнүмдү даярдоо, аны сатууга көмөктөшүү боюнча аймактык соода-логистикалык компаниялар;
–Айылдагы туристтик тармак, анын ичинде экотуризм, тоо туризми;
- Экологиялык жактан таза өнүмдөрдү сунуштоочу жана заманбап технологияларды колдонуп өнүм чыгаруучу бардык тармактар;
Аны менен катар эле төмөнкү жактарга насыя берүүгө тыюу салынат:
–Тамеки, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарактарды, маңзаттарды чыгаруучу ишкана;
–кумар бизнеси;
–балдарды иштөөгө мажбур кылган ишкердиктер;
–мыйзам аркылуу тыюу салынган башка иштер.