Кепилдик фонду КРнын өкмөтүнүн чечими менен түзүлгөн. Ал перспективдүү долбоорлору бар, бирок насыя алуу үчүн күрөө бере албаган ишкерлерге жардам берүү үчүн ачылган.
Фондду каржылоонун алкагында, Кепилдик фонду Кыргызстандын аймактарында иш жүргүзгөн чакан жана орто бизнес субъекттерине кепилдик бермекчи.