• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз өндүрүүчүлөрү товарлардын 6000 түрүн бажысыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн алды

selskaya-zhizn-4

👁 526

6-декабрда КРнын Экономика министрлиги менен Евробиримдиктин комиссиясынын эксперттери менен видеоконференция уюштуруп, Экономика министрлиги товарларды экспорттоо тууралуу арызын жөнөттү.

Арыздын өзү комиссия тарабынан 9 ай каралып, натыйжада Кыргызстанга ВСП+ (өзгөчө жеңилдиктер тууралуу жлпы схема) схемасын колдонууга уруксат берилген. Бул тууралуу ЭКОНОМИКАга министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул эмне?

ВСП+ЕС – бул Евробиримдик тарабынын бир тараптуу жол берүүсү, башкача айтканда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн экспорттолгон товарларга болгон бажы төлөмдөрү алынып салынат. Максаты – экспорттоочу мамлекеттердин кирешесин жогорулатуу.

Бул программа 10 жылга жазылган. Бүгүнкү күнү ВСП+ мүмкүнчүлүгү 9 мамлекетке берилген, алардын арасында Кыргызстан да бар.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировдун айтымында, Кыргызстандын экспорту жалпы экспорттун 3% гана түзөт.

ВСП+ системасы оз жыйынтыгын берди. 2016-жылдын 9 айында ишкерлер 59,5 млн долларлык товарларды экспорттошкон.

Биздин ишкерлер өз товарларын Германия, Бельгия, Италия, Польша, Улуу Британия ж.б. өлкөлөргө экспорттошот.

2016-жылдын тренди төө буурчактар болду, себеби аны Европа базарына чыгаруу көлөмү көбөйдү.

Кыргызстан айыл-чарба өлкөсү болгондуктан негизи чийки заттар экспорттолот.

ВСП+ статусун алуу менен Кыргызстан 6200 товар түрүн алып өтүүдө бажы салыгына жеңилдиктер берилет. Бул ишкерлердин чыгымын азайтып, алардын капчыгы үчүн бир топ эле пайда алып келүүдө.

Бажы салыгынын баасы Евробиримдиктин товардык классификациясына ылайык, 66% пайызга арзандатылган. Мисалы, кээ бир айыл-чарба өнүмүнө бажы салыгы такыр төлөнбөйт.

Бул кыргыз ишкерлери үчүн стимул болуп, экспорттун көбөйүүсүнө түрткү берет.

Евробиримдик комиссиясынын сайтында ВСП+ системасына кирген өлкөлөр кайсы товарларды салыксыз алып өтсө болору так жана даана жазылган.

Евробиримдик Кыргызстандан келген товарларды тиешелүү документтери менен кабыл алат. Тиешелүү сертификаттарды КРдагы улуттук лабораториялар бере алат.

Министрдин орун басары Э. Абакировдун айтымында, эми кыргызстандыктар өздөрүнө ишенип, экспорттогон товарларынын сапаттуу болуусуна көз салуусу керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости