Түштүктөгү станцияларда жүк ташыган вагондор жетишпей жатат. Бул маселе ЖКнын жыйынында көтөрүлдү.
Пять шагов к экономике по принципам Манаса
Депутат Абдыкапар Султанов өз пикирин билдирди.
“Тажикстан менен Өзбекстанга биздин өндүрүүчүлөр өнүмүн сата албай жатышат. Бул үчүн ким жооп берет? Түштүк жергесинде өндүрүлгөн товар даяр, аны ала турган коңшу мамлекеттерден кардарлар да даяр, бир гана жүк ташуучу вагондун жетишсиздигинен өндүрүүчүлөр товарларын сата албай жатат”,- дейт депутат.
Айтымында, “Кыргыз темир жолу” ишканасы кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 8,5 млн доллар насыя алмакчы болуп, бул жактырылган, тендер өткөн.
“Бүгүнкү күнгө чейин тендердин жыйынтыгы жок, ар кандай фирмалар тендерди кармап турушат”,-деди эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, Кыргызстандын түштүгүндөгү 7 станцияда бир дагы жүк ташуучу вагон жок.