Документке КРнын Экономика министри Артем Новиков жана X5 Retail Group компаниясынын топ-менеджери, мамлекеттик органдар менен иштешүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Станислав Наумов кол коюшту.
Иш-чарага кыргыз компанияларынын өкүлдөрү жана жетекчилери катышышты.
X5 Retail Group — орусиялык мультиформаттуу азык-түлүк компаниясы. Ал “Пятерочка”, «Перекресток», «Карусель» сыяктуу бир нече соода түйүндөрүнүн дүкөндөрүн башкарат.
Белгилей кетсек, бул соода тармагы менен иштешүү жеңил жана ыңгайлуу, себеби документтердин баары электрондук режимде. Бул кыргыз ишкерлери үчүн эл аралык стандарттар боюнча иш жүргүзүүгө жакшы стимул.