• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз-казак чек арасында 152 фитосанитардык мыйзам бузуу аныкталды

44

👁 709

Бишкекте, Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинде чек арадагы фитосанитардык абал тууралуу жана Кыргыз Республикасынын айыл-чарба өнүмдөрүн ташуудагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу тегерек стол болду.
Иш-чарага Айыл-чарба министрлигинин, Экономика министрлигинин, «Адал жана Айсун» ЖЧКсынын, «Кочкорбаева» ЖЧКсынын, «Фосил» ЖЧКсынын, «Дыйкан Ордо Сервис» ЖЧКсынын, «Дыйкан Дордой» ЖЧКсынын, «ТопАгро» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана өсүмдүктөрдү экспорттоочу компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун катышуучулары ата мекендик өнүмдү ЕАЭБге ташуудагы кыйынчылыктар, кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр тууралуу талкуулашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, казак тарап карантиндик жана фитосанитардык текшерүүнү күчөткөндөн бери Министрликке ЕАЭБдин фитосанитардык талаптары бузулгандыгы тууралуу 152 нота келген. Аларын ичинен:

–фитосанитардык сертификаттын жоктугу;

–фитосанитардык сертификаттар жасалмама экени;

–маркировканын жоктугу;

–карантиндик зыянкечтер бар экени аныкталган.

Баардык фактылар боюнча кызматтык териштирүүлөр болуп, мыйзам бузууларды алдын алуучу иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошондой эле Казакстан менен эки тараптуу кызматташуунун негизинде аткарылчу “Жол картасы” бекитилген.

Тегерек столдун катышуучуларынын пикиринде, көйгөйдү чечүү эки тараптуу кызматташуудан көз каранды жана бир катар компаниялар фитосанитардык текшерүү учурунда тиешелүү документтерди көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости