Өкмөт башчысы эске салгандай, ушул жылдын 10-октябрында, казак тараптын чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарындагы текшерип өткөрүү эрежелерин күчөткөндүгүнө байланыштуу кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгон.
Ошондой эле Сапар Исаков белгилегендей, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен болгон бир нече жолку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чек арадагы абалды жөнгө салуу багытында биргеликте иштелип чыккан «Жол картасына» белгисиз себептерден улам, азыркыга чейин кол коюла элек.
Мындан тышкары премьер-министр президент Алмазбек Атамбаев тарабынан маселени чечүү үчүн бир катар тапшырмалар берилгенин, алардын бири чыгымга учуруган товар өндүрүүчүлөргө, оор жүк ташуучуларга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун даярдоо экенин билдирди.
Өкмөт башчысы кандай гана кырдаал түзүлбөсүн Кыргызстан менен Казакстандын эли боордош эл катары каларын баса белгиледи.
Экономика министри Артем Новиков маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында, ишкерлерге келтирилген чыгымдарды аныктоо максатында бизнес-ассоциацияларынын, оор жүк ташыган айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун мүчөлөрү менен биргеликте көчмө сурамжылоо өткөрүлгөн.
Экономика министринин билдирүүсүндө 349 айдоочуга сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын бир суткалык чыгымдары эсептелип чыккан. Аны менен бирге бир оор жүк ташуучу унаа кезеги жетип чек арадан өткөнчө 5–6 күн өтөт.
Чек арада күчөтүлгөн текшерүү киргизилгенден баштап, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү төмөндөгөн.
Буга байланыштуу, премьер-министрдин айтымында, 2017-жылдын 1-декабрына чейин зыяндын суммасын аныктай турган комиссия түзүлөт. Андан соң жабыркаган субъекттердин тизмеси бекитилет.
Белгилей кетсек, жапа чеккен ишкерлер жана жүк ташуучулар арыз менен Экономика министрлигине кайрыла алышат. Анда атайын документтерди кабыл алуу уюштурулат.
Жабыркаган ишкерлерге бажы төлөмдөрү үч жылга узартылат.
Токтомдо ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо –5” долбоору боюнча биринчи кезекте кыргыз-казак чек арасындагы жагдайдан жабыркагандарга жеңилдетилген насыяларды берүү каралган.
Бул жагдайдан жабыркаган субьекттер үчүн насыяны төлөө мөөнөтү негизги суммага 24 айга чейинки жеңилдетилген мезгил менен 60 айга чейинки мөөнөткө белгиленет.
Улуттук банкка кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүүнү чектөөлөрдүн кесепеттерин азайтуу үчүн максаттуу насыялык аукциондорду өткөрүү сунушталды. Ал эми Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна жабыркаган субъекттердин насыялык карыздарын кайра түзүүнү жүргүзүү сунушу берилди.
Өкмөт башчы кол коюлган токтомдун ар бир пунктун аткаруу өзгөчө көзөмөлдө болорун эскертип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине анын эффективдүү жана сапаттуу ишке ашуусун камсыз кылууну тапшырды.
Наргиза Өмүрбек кызы