Бул биздин ишкерлер бизнесин эл аралык стандарттарга ылайыктап алуусуна шарт түзөт.
Учурда биздин ишкерлердин өнүмдөрүн кайра артка кайтарып, алар чыгашага учурап жатканын көп угуп жатабыз. Буга айрым ишкерлердин аныкталган эрежелерди жана талаптарды билбөөсү же аны аткаргысы келбегендиги себеп болууда. Анан мурун жакшы болчу деп нааразы болуп башташууда.
Техрегламенттерге кайталы. Олег Панкратовдун айтымында, өндүрүүчү КРнын техрегламенттери менен товар чыгарып жана документтерди 2017-жылдын 11-августуна чейин алган болсо, анда ал документ дагы 2 жыл жарактуу болот.
Продукциялардын шайкештикти баалоого келе турган болсок, анда ЕАЭБдин жаңы техрегламенттерине ылайык, анын баасы өнүмдүн түрүнө жараша болмокчу. Мындай иштер менен жеке жактар алектенип, кызматтарын көрсөтсө болот.